Нарын районундагы Учкун айылынын тарых сабагы боюнча мугалим, тирбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков «Санарип мугалим» Республикалык сынагынан 3-орунга ээ болду.
Региондордогу шайлоонун жүрүшү тууралуу билүү максатында Нарын районундагы №4052 — Учкун шайлоо участогунун төрайымы Майрамкүл Мүдүнова менен маек курдук. Төрайым бизге бул шайлоонун мурдакылардан айырмасы тууралуу айтып берип, шайлоочуларда кандай …
Нарын районуна караштуу Учкун айылында эски мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, терезе эшиктери толук бойдон алмаштырылды. Мектепти жаңылоо ишин мугалимдер демилгелеп, өз каражаттарына оңдошкон.
Нарын районундагы Учкун айылында райондук деңгээлдеги «Манас таануу» теле таймашы өткөрүлдү. Сынак билим берүү жана илим министрлиги, Коомдук телерадио берүү корпорациясы жана «Саякбай манасчы» коомдук бирикмесинин колдоосу менен уюштурулган. Аталган …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын негизги көчөсүнө жарык бергичтер орнотулду. Ал көчөдө көпүрө жайгашып, Учкун айылынын эки бөлүгүн бириктирип турат. Буга чейин ал жер караңгы болгондуктан, ар түрдүү кырсыктар катталчу.
Нарын районундагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде мамлекеттик туу күнүнө карата окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Желектин маанилүүлүгү, анын чечмелениши тууралуу окуучулар чакан иш- чара уюштурган.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында торт, коржик, кекс, булочкаларды айыл тургуну эч кандай жабдуусуз өз колу менен жасоодо.