Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Сары-Булуң

Сары-Булуң айыл аймагында элдик жыйын болуп өттү

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев баштаган райондогу мекеме жетекчилери, Сары-Булуң айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Булуңдуктар таза суу менен камсыз болушту

Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң аймагындагы Булуң участкасы таза суу менен камсыз болушту. Буга чейин арыктан суу ичишкен элеттиктер эми таза сууну үйлөрүнө киргизип жатышат.

Венера Эпээва: Аялдардын коомго катышуусу жолго салына баштады

Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы Венера Эпээва учурда элеттик айымдарды коомчулукка аралаштыруу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында иш чараларды уюштуруп келүүдө.

Гулнур Жумабекова: Мен борт коштоочу болууну, кичине кезимен эле кыялданчумун

Акыркы жылдары чет мамлекетте иштеген жаштардын саны өсүп келүүдө. Алардын бири Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Гулнур Жумабекова. Ал кичине кезинен эле, саякаттап чет өлкөдө иштегенди кыялданчу. Учурда Кувейт …

Мен чет өлкөгө чыгуу үчүн көптөгөн жылдар бою аракеттендим

Учурда чет тилдерин үйрөнүп, ар түрдүү программалар боюнча чет өлкөгө тажрыйба алмашууга же билим алууга мүмкүнчүлүктөр көп. Айбек Муратбеков Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылында туулуп өскөн. Өз кесиби боюнча профессионалдык …

Сары-Булуң айыл аймагында желим бөтөлкө салгычтар орнотулду

“Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, элдин эс алуусуна жагымдуу шарт түзүлдү.

Сары-Булуң: 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына белек катары үй салып беришти

Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу орто мектебинин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрү 20жылдык юбилейинин ээлери, 6 баланын атасы, аз камсыз үй-бүлөдө жашаган классташы Нуралы Асамадиновго 3 бөлмөлүү үй салып беришти. Үйдүн айланасын эскилерин тазалап, …

Аялдар коомго керектүү маселени көтөрүп келишет

Жергиликтүү кеңештерге аялдар үчүн 30% жеңилдик мыйзам тарабынан бекитилген. Квотанын негизинде аймактардагы эл үчүн иштейм деген активдүү айымдардын, депутат болуусуна чоң өбөлгө түзүлдү. Бул туурасында адистер да белгилеп келишкен.

Сары-Булуң аймагында 5 курулуш иши бүткөрүлүп, ачылыш аземи болуп өттү

Кичи футбол аянтчасы, мал дарылоочу жай, ФАП, эс алуучу жайлардын курулушу аяктап, ачылыш аземи өткөрүлдү. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, медициналык кызматкерлер, райондон …

Борбордук көчөлөр кеңейтиле баштады

Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл өкмөтүндөгү Абдыманап Кыдыршаев көчөсүнүн Булуң жана Чалдовар аймактарында жөө адамдар жүрүүчү жолдор кеңейтилип, тротуар салынды. Ошондой эле бак-дарактар архитектуралык талаптарга ылайык ирээтке келтирилди.

Жергиликтүү кеңеш бала бакча, мектептердин абалы менен таанышты

Сары-Булуң айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү аймакка караштуу мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункттардын кышка даярдыгы менен таанышып чыгышты. Текшерүүдөн кийинки маселелер жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясына коюлуп, алардын ичинен …

Оорудан сактануу үчүн дарыгерлер кеңеш берет

Нова клиниканын дарыгери Эрмек Исмаиловдун айтымына караганда, азыркы учурда ковид эмес сасык тумоо өрчүп турган мезгил. Ковиддин саны азайып баратат. Бирок, ковид эч жакка кеткен жок, алдын алуу максатында эмдөөдөн …

Түшүмдү оруп-жыюу 15-октябрда аяктайт

Сары-Булуң аймагында күзгү талаа иштери жыйынтыктала элек. Учурда айылдын тургундары күзгү оруп-жыйу менен алек. Жалпысынан 1839 гектар жер айдалган

Айыл өкмөттүн айыл чарба техникалары эл ишин жеңилдетти

Сары-Булуң айыл аймагына Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду тарабынан айыл чарба техникалары алынган. Күзгү талаа иштеринде эл  айыл өкмөткө караштуу техникаларды пайдаланды. Айыл тургундары жеке менчик техникаларга салыштырмалуу анын артыкчылыктарына токтолду. 

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө кышка даярдык кандай?

Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн токтомуна ылайык 2021-2022 кышкы даярдыгы боюнча аталган айыл аймактын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Улан Далбаев маалымат берет.

Элеттик жаштар пандемияда кандай таасирин тийгизди?

Пандемия күч алганда айылдагы жаштар эмне алек болгонун Тогуз-Торо районунун айрым улан-кыздарынан сурап көргөнүбүздө айрымдары өзүн- өзү өнүктүрүү менен алектенсе, башкалары кайрымдуулук иштерине тартылышкан.

Эл көтөргөн жер маселеси

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында коомдук угуулар өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундар тарабынан жер маселеси көтөрүлүп, ал элдик жыйынга бекитилген. Коомдук угууда калктын ой — пикирин эске алуу менен ижарага берилген …

Мугалимдер эмдөөдөн өтүштүбү?

Тогуз-Торо районуна караштуу Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Миргүл Какаеванын маалыматына караганда учурда мугалимдер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Мектепте 24 кызматкер эмгектенсе, анын ичинен 14 мугалим эмдөө алса, 6мугалим …

Пандемияда маданий иш- чараларга чектөөлөр көп

2020-жылы дүйнө жүзүн илдеп каптап, Кыргызстанга дагы жугуштуу илдеттин бөлүгү да келип, көптөгөн адамдар ооруга чалдыгып, оор кырдаалдарды башынан өткөрүүдө. Анткени, бул оорудан улам ден-соолукка гана зыян тийгизбестен, райондо, айылдарга …

Сары-Булуң аймагында аткарылган иштер

Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Марлис Олжотоев шайланып, 15-июнь 2021-жылдагы №468 токтомунун негизинде ишке кирген. Өнүккөн айылдардын катырын толуктоо үчүн айыл өкмөттүн жана жергиликтүү калктын салымы чоң. Алдыда айыл өкмөт …

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...