Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районундагы мектептерге өзүнүн калемине таандык китептерин белекке берди.
Айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толуп турган кези. Бул мааракени акындын туулуп өскөн айылы Ача-Кайыңдыда айыл тургундары белгилешти.
Ат-Башынын кулуну, калемин колунан түшүрбөй, поэзияга башын байлаган акын, журналист Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толду.