Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Суусамыр

Айыл тургундары жергиликтүү депутаттардан көптү үмүттөнөт…

Суусамыр айыл аймагындагы жергиликтүү кеңеште 21 депутат иш алып барат. 7-чакырылыштын депутаттары быйыл жаңы шайланып, айылдын өнүгүшүнө салым кошуу аракетинде.

Почта кызматкерлери калкка тынымсыз кызмат көрсөтүүдө

Дүйнө жүзүндө Ковид-19 вирусу күчөп жаткан учурда тынымсыз иштеп жаткандардын катарын почта кызматкерлери дагы толуктайт. Эл менен иштеп вируска чалдыккан почта кызматкерлери дагы аз эмес.

Пандемия учурунда окуучулар арасында тентекчилик азайды

Суусамыр айыл аймагында жайгашкан айылдык милиция бөлүмчөсүндө учурда 7 кызматкер иштейт. Кызыл-Ой, Кожомкул, Суусамыр, 1-Май, Кайсар, Тунук айылдарын жана Бишкек-Ош жолдорунун 137-160 чакырымына чейин Түштүк жак бетин көзөмөлдөйт.

Суусамыр: Район жетекчилери эл менен жолугушту

17-декабрда Суусамыр айылынын маданият үйүндө элдик жыйын болуп өттү. Жыйынга Жайыл райондук администрация башчысы жана жаңы дайындалган мекеме жетекчилери катышышты.

Оору күчөп турганда айыл өкмөтү аралыктан иштөөгө аргасыз болгон

Бүткүл өлкөгө тараган ковид-19 вирусу айыл өкмөт кызматкерлердин ишине дагы терс таасирин тийгизбей койгон жок. Оору күчөп турганда Суусамыр айыл өкмөтүнүн 40% кызматкери аралыктан иштеп жатышты.

Суусамыр айылдык ооруканада эпидемиологиялык абал туруктуу…

Суусамыр айыл аймагында 2021-жылы жалпы ковид-19 вирусуна чалдыккандардын саны 448 адамды түзөт. Акыркы эки айда бейтаптардын саны азайды. Учурда ооруканада эпидемиялогиялык абал туруктуу.

Суусамыр: Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү

Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган кече болуп өттү. Иш-чарада 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучуларынын өнөрлөрү тартууланды.

Суусамыр: Көмүр маселеси көйгөй жаратууда

Быйыл аба-ырайынын эрте суукташы өлкөдө көмүргө болгон суроо-талапты жаратты. Көмүрдүн баасы кымбаттап, айыл тургундарын кыйын кырдаалга кептеп турган маалы. Кымбат болсо дагы кышы катаал Суусамырдын айылдарына көмүрдүн жетпей жаткандыгы айыл …

Суусамыр: Бюджеттеги каражат кайсы багыттарга коротулду?

Суусамыр айыл өкмөтүнүн бюджети салык түрлөрүнөн түзүлөт. Ошондой эле өкмөттүн теңдештирүү гранты менен толукталат. Ал эми айыл аймактагы бюджеттин аткарылышы кандай? Бул тууралуу «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыздар.  Материалдын аудио …

Суусамыр: Шайлоо өз тартибинде өтүп жатат

Бүгүн Суусамыр айылында шайлоо өз тартибинде өтүп жатат. Шайлоочулар активдүү катышууда.

Сасык тумоо жана ковид-19 илдеттери…

Суусамыр айыл аймагында сасык тумоо оорусу күч алды. Ковид-19 илдетине чалдыгып, сасык тумоо болуп калдым деп, үйүнөн дарыланган бейтаптар аз эмес.

Футболдук аянтчанын курулушу — окуучулардын кубанычы

Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Тунук айылында футбол аянтчасы курулду. Ал 3,5 млн сомго тургузулуп, акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен каралган. Аянтча учурда пайдаланууга берилди.  Тунук айылында буга чейин футболдук аянтча …

Суусамыр: Жергиликтүү кеңеш кезектүү отурумга чогулду

Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңешинин 6-кезектүү отуруму болуп өттү. Анда бюджеттин жана өнүгүү программаларынын аткарылышы, таза суу маселеси, элден түшкөн арыздар каралды.

Суусамыр: Сатыкка көмүр чыга элек

Тоолорго кар түшүп, күн сууктап калган убак. Элетте кышка даярдык жүрүп жаткан кези. Бирок, айыл тургундары сатыкка көмүрдүн чыкпай жатканын айтып, тынчсыздануусун билдирди. Суусамыр айылындагы тургундар менен мекемелердин кышка даярдыгы …

Суусамыр: Кулаган көпүрө калыбына келтириле элек

Суусамыр айылындагы Көкөмерен дарыясына курулган көпүрө ушул жылдын август айында кулап калган. 2017-жылы курулуп, колдонууга берилген көпүрөнүн кулап калышы тургундар үчүн табышмак болду.  Көпүрөнүн кулап калышы мал-жандыктарды айдап өтүүдө жана …

COVID-19дан сактануу үчүн кеңеш

Суусамыр айыл аймагында учурда абал туруктуу. Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 илдети жугуп калуу коркунучу болгондуктан, ковидге каршы эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштер дагы да жүрүп жатат.

Суусамыр: Күзгү түшүмдү оруп-жыйноо жылдагыдан кечикти

Суусамыр айыл аймагы боюнча оруп-жыйноо иштери жылдагыга караганда кечигип жатат. Анткени жазында аба-ырайынын кургак болушу жана жаздын кеч келиши себеп болууда. Мындан улам, түшүмдүн баасы жогору бааланууда. Быйылкы жылдагы арпанын …

Суусамыр: Кышка даярдык уланууда…

Суусамыр айыл аймагындагы мектептер, оорукана, фаптар учурда көмүр менен камсыз боло элек. Ал эми Суусамыр айылдык электр участкасы кышка толугу менен даяр.

Суусамыр: COVID-19 илдетине чалдыккандар азайды

Суусамыр айыл аймагында акыркы 5 айдын ичинде COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 430 адамды түзөт. Бүгүнкү күндө айылда вируска чалдыккандар кыйла азайды.

Суусамыр: Айрым мугалимдер вакцина ала башташты…

Өкмөт жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоону айтты. COVID-19 илдети күч алгандыгына байланыштуу айрым мугалимдер вакцина ала баштады. Жалпы Суусамыр орто мектебинде 55 адам эмгектенет. 432 окуучу билим алат.

Шейшемби
16 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...