Кырсык айттырбай келет эмеспи. Ошол себептен Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде табияттын ар кандай кырсыктарына даярданууга иш-чара болуп өттү.
Түп районуна караштуу Тасма айылына Бишкектин №6 дарыканасынан доктур келип, айыл тургундарынын ар кандай ички органдарын текшерди. Ал атайын апараты менен элдерди текшерген соң, даарылануусуна атайын даарыларды жазып берди.
Түп районуна караштуу Карасаев аймагына Швейцариянын өкүлдөрү тарабынан жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Аталган иш-чаранын максаты — айыл тургундарынын жашоо турмушун жакшыртуу.
Акырындап мектеп окуучуларынын жайкы каникулу бүтүп бара жатат. Биз окуучулар жайкы эс алууну кандай өткөзгөндүгү тууралуу маек курдук.
Түп районундагы бул жайлоо кооздугу менен эс алуучуларды өзүнө тартып келет. Эс алып келгендердин көпчүлүгү шаар тургундары.
Буга чейин Тасма айылындаг Асан Сопиев мектебинин терезелеринин абалынын начар экендиги туурасында “Нур FM” ЖМБнын кабарчылары жазып чыккан эле. Андан соң мектептин эски, иштен чыккан терезелерин жаңы пластик терезге алмаштыруу …
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде ремонт иштери соңуна чыгып калды. Акча каражаты кеч бөлүнүп берилгендигине байланыштуу быйыл мектеп иштери кеч болуп жатат.
Буга чейин айыл тургундары жүндөрүн башка жактарга алып барып, же өз колдору менен көп убакыт коротуп тытып келишкен. Айылга бул жүн тытуучу машина элдин сунушу менен Атрадный айылынан алынып келинип, …
Токтояндагы окуучулардын кээ бири бош убаккытты китеп окууга бөлүп жатса, кээ бири ар түрдүү оюндарды ойноп, эс алуу кызыктуу болуп жаткандыгын айтышууда.
Түп районунун Токтоян айылында сүттүн баасы барган сайын төмөндөп, айыл тургундарынын нааразычылыгын жартууда. Буга чейин 10-15 сомдон сатылган сүттүн литри учурда тогуз сомдон болууда.
Быйыл аба ырайы кескин өзгөрүп, жаандын жаашы басылбай, айыл тургундары чөп чаба албай жатышат. Алар чөп кургабай, чабылган чөптөр четинен чирип жаткандыгын айтышууда.
Токтояндын тургундарынан түзүлгөн топ айыл жашоосунда болуп жаткан көйгөйлөрдү жеткирүү үчүн ар кандай терс көрүнүштөрдү сахналаштырып элге тартуулады.
Буга чейин беш-алты жыл бою айыл имамы болуп келген 37 жаштагы Тыныбек Зундунов көз оорусуна чалдыгып калды. Ал бейтапканаларга барып жылына текшерилип жүрүп, бирок, бул оорусу уламдан-улам күчөп, азыркы абалы жакшы …
Токтоян айылына түшкөн мөндүрдүн көлөмү чоң болгондуктан, айыл тургундарынын жашылча-жемиштерине зыян алып келди. Өз эмгектери менен сепкен жашылча-жемиштери куурап, абалдары начарлап калды.
Сарытологой айылындагы ФАПта оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери оңдолбогон ФАП имаратын быйыл айыл өкмөткө кайрылып, атайын бул иш каралып, акча бөлүнүп берилген.
Түп районунун Сарытологой айылында семинар болду. Семинарды «Токтоян» жамааттык мультимедиа борборунун тренери Адилия Мундукова аталган айылдын 9-11-классынын окуучуларына өткөрдү.
Токтоян айылында Швейцариялык айыл чарба өнүктүрүү фонду (ФАО) тарабынан уюштурулган окуу болуп өткөн. Окуунун негизинде долбоор жазылып, жашылчалардын жаңы сортторун өстүрүү пландаштырылып, алар себилген. Жалпысынан бул долбоорго айылдан 46 адам …
Түп районунун Сарытологой айылындагы мечиттин курулушу былтыр ноябрда башталып, кийин бүтпөй калган. Бул туурасында айыл депутатты Кенжебек Балтабаев менен маек курдук.
Карасаев айыл өкмөтүнө Тасма, Тогузбай, Токтоян айылдары кирет. Айыл тургундары айдап сепкен эгиндерин сугарууда суу жетишпей маселе жаратаарын билидирет.
Баатыр эне наамын Тасма айылынын тургуну Дария Касымова 1972-жылы алган. Бул наамды Дария Касымова 11 балалуу болгон соң алып мамлекет тарабынан ардак громата жана баатыр эне ордени менен сыйланган.