Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Талас

“Пандемия учурунда дагы балдар үчүн иштей бердик”

Талас районунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Эрмек Жоробекова жетектеген “Бекнур” реаблитация борбору пандемияга карабай ишин улантып, борборго катталган балдардын ден соолугун чыңдоо иштерин жүргүзүп келишет.

Коронавирустун кесепетинен курулуш иштери кечеңдөөдө

Коронавирус илдети Талас облусундагы бир катар курулуш иштеринин кечеңдешине себепкер болду. Алсак, Манас районундагы Үч-Коргон айылындагы Газы Малаев атындагы мектеп 2020-жылы окуу жылына салынып бүтүп, ишке берилмек. Бирок быйыл дагы …

Пандемия учурунда үй-бүлөлүк зордук зомбулукка кабылгандар көбөйдү

Коронавирус илдетинин биринчи толкунунан тартып, карантиндик абалда жашаганыбызга 9 айдын жүзү болду. Учурда дагы өлкөбүз оор мезгилди экинчи толкунду баштан кечирүүдө. Карантин мезгили, оору запкысы адамдардын аң сезимине дагы терс …

Талас: Ак халатчандарга камкордук

Өлкөдө коронавирус инфекциясынын алдын алуу, ооруну токтотуу боюнча канчалык аракеттер жасалганы менен COVID-19 илдети күч алууда. Коронавирус жуккан жаңы учурлар күн санап катталып, пневмония дартына чалдыккандардын саны өсүп жаткан учур.

Көз доктур: «Бейтаптарга социалдык аралыкты сактагыла, бет кап кийгиле деп айтабыз»

Талас шаарындагы С. Жангазиев атындагы көз оорулар бөлүмүндө таңдан кечке кезек күткөндөр көп. Кезекке туруп врачка көрүнгөнгө зар болгондордун арасында кары-картаңдар, жаш балдарга чейин бар. Райондордогу ооруканаларда көз доктурлар жок …

Оорунун алдын алууга олуттуу аракеттер көрүлүүдө

Акыркы күндөрү коронавирус илдети жана өпкө кагыны күчөп, ооруп 118 мобилдик бригадага телефон чалып же түз эле ооруканаларга кайрылгандардын саны көбөйдү.

Таажы тумоосунун экинчи толкунунда түшүндүрүү иштери кайрадан башталды

Талас райондук Үй- бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адистери коронавирус жаңыдан башталган учурдан тартып коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташкан. Андан бери арадан 9 ай өттү. Биринчи карантин мөөнөтү …

Китепканачы: «Коронавирус китеп окууга тоскоол боло албайт»

Коронавирус илдети биздин жашообузду түп тамырынан бери өзгөрттү. Мурда бет кап кийгендерди ооруканадагы медиктерден гана көрө турган болсок, азыр көчөдөн да, жумуштан да, керек болсо үйдөн да бет кап кийип …

Мобилдик бригадалар бейтаптарга жардам көрсөтүүдө

Учурда Талас облусунун төрт районунда жана Талас шаарында мобилдик бригадалар иштеп жатат. Бригаданын курамында врач, медсестра, врач эпидемиолог, лаборант жана айдоочу болушу зарыл. Мобилдик бригадалар күнү-түнү 118 номерине телефон чалып …

Обсервация жана күндүзгү стационарлар кайрадан иштей баштады

Таажы ылаңы басаңдаганда, Талас шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде ачылган күндүзгү стационар, “Интурист” мейманканасында уюштурулган 24 саат иштеген стационар жана “Мээрим-Сапат” кыргыз-түрк кыздар лицейинде ачылган күндүзгү стационар жабылып, оору биротоло кеткендей …

Ар бир шайлоочу добуш гана салбастан жеке саламаттыгына да кайдыгер болбошу керек

Шайлоого 3 күн калды. Учурда Талас облусундагы 117 шайлоо участокторунда даярдык иштери 100% аяктап калды. Кара-Буура районунда 28 шайлоо участогу бар. Бүгүнкү күндө баардык шайлоо участкаларында санитардык нормалар сакталып, келген-кеткен …

COVID-19: Дыйкандардын кирешесин азайтты…

Талас өрөөнүнүн Манас районундагы дыйкандар негизиген жашылча-жемиш эгип, жылдык каражат табышат. Райондо өндүрүлгөн болгар калемпири Россияга, Казакстанга ташылат. Учурда болгар калемпиринин баасы 15 сом келишим баа менен Россияга ташылууда.

Пандемия учурунда ишке ашкан долбоор

Элибиздин башына оор сыноо түшүп, таажы ыланынын айынан мектептер толук кандуу окубай, окуучулар аралыктан билим алууну улантышууда.

Шадыкан айылында жаңы ФАП ачылды

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып, кыргыз элине күтүлбөй келген таажы тумоосунун экинчи толкуну болушу мүмкүн экени дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан айтылып, дүйнө элин оорунун алдын алууга чакырык таштоодо. Бул арада …

Темир жол жанданды

Өлкөбүзгө таажы ылаңы жайылып, март айынын аягынан баштап, апрелде мамлекеттибизде өзгөчө кырдаал киргизилип, карантиндик абалда күн кечирдик. Антсе да тиричилик улана берет экен. Так ушул апрель айынан тартып Маймак темир …

Он орундуу стационар октябрь айында ишке берилет

Учурда Талас облусунда бардык айылдардагы ФАПтарды оңдоо, кеңейтүү, кышкыга даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат.  Үч-Эмчек айылында туулуп өсүп, учурда Бишкек шаарында жашап, “Бишкек курулуш” компаниясынын генералдык директорлук кызматын аркалаган Аскарбек …

Пандемия учурунда дары чөп, жашылчаларды өстүргөн демилгелүү айымдар

Талас районундагы бийик тоолуу Талды-Булак айылынын шарты катаал, аба-ырайы кыйла суук. Бул айылда жашылча-жемиш дээрлик бышпайт. Айылдыктар картошка, арпа, көп жылдык чөп өстүрүп, мал чарбачылыгы менен жан сакташат. Бирок айылдык …

Уз чебер Толсун Көкөева: “Карантин учурунда жалаң сайма сайып, төшөк курадык”

Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүнүн Үч-Эмчек айылында жашаган уз чебер Толсун Көкөева таажы тумоосу башталып, кыргызстандыктар карантинге чыкканда шаардан келген небере кыздары менен бирге курак курап, сайма сайып, билгенин кыз-келиндерге …

Иш солгундап тикмечилердин айлыгы азайды

Талас шаарындагы “Айша” муниципалдык тигүү цехи 2019-жылдын май айында ачылган. Бул тигүү цехинде иштеген тигүүчүлөр буйрутма алып кийимдин бардык түрлөрүн тигишет.

Сорос-Кыргызстан фондусунан облустук ооруканага 1 миллион сомго жакын жардам берилди

Талас облусунда элет жерлериндеги ФАПтарга, үй бүлөлүк дарыгерлер топторуна шарттар түзүлүүдө. Ушул эле учурда тумоого чалдыккандардын көпчүлүгү айыгып, ооруканаларда орундар бошоп, абал оңолуп келе жатат.

Бейшемби
18 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...