Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Учкун

Учкун айылында ата-энелер жана балдар үчүн «Бирге окуйбуз» иш-чарасы уюштурулду

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде ата-энелер жана окуучулар үчүн үй-бүлөлүк «Бирге окуйбуз» сынагы уюштурулду. Иш-чарага 5- класстардын окуучулары катышуу менен биргеликте «Мизамдыктардын окуясы» аттуу китебин …

Учкун айылында «Miss Uchkun 2023» сынагы уюштурулду

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде мектеп окуучулары үчүн «Miss Uchkun 2023» сулуулар сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан жогорку класстардын окуучулары катышты. 11- класстын окуучусу Мээрим …

Нарын: Мектеп президенттери «Ынтымак кербенине» катышты

2023-жылдын 26-27-март күндөрү Бишкек шаарында, Нарын районунун жаштар кеңеши жана Нарын райондук администрациясынын демилгеси менен райондогу мектеп президенттер арасында «Ынтымак кербени» саякаты болуп өттү. Демилгенин негизинде окуучулар бир катар маданий …

Учкун: Мектепте айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүргүзүлдү

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде айлана-чөйрөнү тазалоо иштери өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп окуучулары жана мугалимдери катышты. Ишембилик “Учкунстан” мектеп парламентинин демилгеси тарабынан уюштурулду.

Учкун айыл аймагынын соц адиси түз эфирде

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын соц адиси А.Балтабаева түз эфирде болду. Эфирде жөлөк пул, декреттик өргүүгө жана башка кызыктуу суроолор келип жатты.

Үй-бүлөлүк дарыгер: Коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина алуу маанилүү

Нарын районуна караштуу Учкун айылында коронавирустун жаңы штаммы омикромго каршы эмдөө иштери уланып жатат. Айылдын үй-бүлөлүк дарыгери Замира Базарбаева азырынча айылда омикрон штаммы каттала элегин билдирди.

«Аял да жумуш орун түзө алат!» Учкун айылында тигүүчү цех ачылды

Нарын районундагы Учкун айылында элдерди жумуш менен камсыз кылуу максатында тигүүчү цех ачылды. Аны айыл тургуну Карлыгач Асанова негиздеген.

Сүрөт баян: Ыктыярчылардын тажрыйба алмашуусу

Нарын районуна караштуу А. Аралбаев атындагы орто мектебинде ыктыярчылар үчүн тренинг өтүлдү. Тренингге «Усупбекстан», «Учкун» жана «Куланак» жамааттык мультимедиа борборлорунун жетекчилери  жана ыктыярчылары катышышты. 

Нарын районундагы мультимедиа борборлордун «Медиа Курултайы» өттү

Нарын районундагы «Учкун» жамааттык мультимедиа борборунун онго чукул ыктыярчы-кабарчысы Куланак районунуда уюштурулган тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышып келди. «Медиа Курултай» аталышындагы иш чараны «Учкун», «Куланак» жана «Усупбекстан» мультимедиалык борбору биргелешип уюштурду.

Нарындык окуучу кыз «Кыргызстандын 100 мыкты окуучусунун» бири болду

«Дордой» ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен «Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу» кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталды.

«Пикир алышууну үйрөнөт». Учкунда «Балдардын сынагына сынбайсынбы» иш чарасы өттү

Нарын районуна караштуу Учкун айылында мектеп окуучуларына арналган «Балдардын сынагына сынбайсынбы» аталышындагы интеллектуалдык иш чара өттү.

Сүрөтбаян: Нарындагы булакта шыңгыраган муз кристаллдары

Кыш мезгили дегенде эле кар, муз жана аяз эсибизге келет. Бирок климаттын өзгөргөнүнөн улам өлкөнүн бир топ жерине кардын аз жаап, кыштын жылуу өтүп жатканын байкалууда. Бул фотобаянда Нарын районунун …

Учкун айылында мектеп парламенти өз алдынча уюм катары иш алып барат

Нарын облусунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин мектеп парламенти өзүн-өзү башкаруу уюму наамына ээ болду. Мындан ары парламенттин өзүнүн мөөрү болот жана ар түрдүү бей өкмөт уюмдар менен …

Окуучу: Айылда муз аянтчасын ачуу убакытты кызыктуу өткөрүүгө жол ачат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылдагыдай эле муз аянтчасы иштеп жатат. Ал жерге окуучулар, жаш үй-бүлөлөр келип муз тебишет. Айылындагы муз аянтчасы коньки жана чана тебүүгө ылайыкталган.

Азык-түлүктүн кымбат болушу айыл тургундарын кыйнады

Пандемияда өлкөдө бир топ азык-түлүктүн баасы өстү. Анын негизинде айыл тургундарынын жашоосунда кыйынчылык жаралды. Бул тууралуу Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди.

«Онлайн ыр кесе». Пандемия мезгилинде иш-чара уюштурган айыл тургундары

Дүйнөлүк экономикага, билим берүүгө таасирин тийгизген COVID-19 пандемиясы Учкун айылынын маданий жашоосуна терс таасирин тийгизди. Бирок ага карабай айыл тургундары вотсап аркылуу ыр кесе уюштурушту. Бул тууралуу Чоро Кожомжаров атындагы …

COVID-19 пандемиясы көп балалуу үй-бүлөлөргө кандай таасирин тийгизди?

Коронавирус пандемиясы өлкөнүн абалына, экономикага жана аймактардын жашоо турмушуна олуттуу таасирин тийгизди. Айрыкча, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн оор болду. Бул тууралуу Учкун айылынын социалдык педагогу Гүлзат Кадыркулова билдирди.

Учкун: Көчмө добуш берүүгө Бельгия менен Россиядан келген байкоочулар катышты

Нарын районуна карашатуу Учкун айылында участкадан тышкары добуш берүү өттү. Ага комиссия мүчөлөрү жана эл аралык байкоочулар катышты.

Куланак: Кеңештин сессиясында 5 маселе каралды

Учкун айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Ага жергиликтүү кеңештин 20 депутаты катышып, күн тартибинде 5 маселе каралды. Сессия ачык өтүп, катышууну каалаган айыл тургундары үчүн атайын орундуктар даярдалган.

Куланак: Оруп-жыюу иштери жыйынтыкталды

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында кылкандуу дан эгин гектарына 24 центнерден айланды. Ал эми айыл эли эгинди Куланак айылында жайгашкан кампага сакташат.

Шаршемби
24 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...