Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер-жемиштер казылып алынды. Участокто помидор, капуста, картошка, алма, карагат, кызылча отургузулган.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы мугалимдер 24-сентябрда боло турган өрөөндүк спратакиядага даярданып жатышат.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында үч айдан бери таза суу чыкпай, тургундар айылдагы жалгыз булактан жолдун алыстыгына карабай суу ташып ичүүдө. Булакка келүүчү айылдын четинде жана ортосунда жашаган тургундар 50-60 чакырым …
Нарын районуна каршатуу Учкун айылында арпа күшөөчү станок ойлоп табылды. Бул станок жумушту жеңилдетүү максатында ойлоп табылган.
Учкун айылында 15-августан бери өтүп жаткан 15 үй кожейкелеринин сабагы бүгүн аяктады. Сабак айылдагы апалардын турмушун оңдоо максатында өтүлгөн.
Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок-Молдо айылынын тургуну Акен атайын «ООН аялдар» деп аталган долбоор менен ар кандай жер жемиштерди өстүрүү менен алек. Бул долбоор менен алар быйыл ишке киришкен.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы эшектердин саны жылдан жылга азаюуда. Эшектер Учкун айылында эле эмес коңшу айылдарда да союлууда.
Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында футболдук аянтча 2015-жылдын 27-май айынан баштап ишке кирген. Аталган аянтчаны быйылкы он жылдыктар мектепке жардам катары куруп беришкен.
Ак Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында 2015-жылы күзүндө нан бышыруучу цех ачылган. Нан бышыруучу цехти учурда Канышай Ысагалиева жетектейт. Аталган цех айыл тургундарын нандын түрлөрү менен камсыз кылып турат.
Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү тапшырган ЖРТ тестин жыйынтыгы чыгып, мектептин алдыңкы баллын Айчүрөк Бекмурат кызы алды. Бул туурасында бүтрүүчү Айчүрөк менен маек курдук.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы булактардын бири — бул Кош-Булак. Бул булактын келип чыгышын илгерки ата-бабаларыбыз ар кандайча айтып келишкен, мурунтан айтылган уламыштар азыркы күнгө чейин айтылып келет.
Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер жемиштердин кээ бири отоо чөп басып, көрүнбөй калса, кээ биринин отоолору жулунуп жакшы өсүүдө.
Учкун айылындагы ата-энелер жана окуучулардан “Балаңыз жайкы каникулда кайда барып эс алат?” деген суроолорду узатып, сурамжылоо жүргүздүк.
Учкун айылын Эшбай Токсобаев орто мектебинде жыл сайын жасалуучу класстарды ремонттоо иштери жүрүп жатат. Ремонтко кеткен каражат жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп турат, мектептеги 560 окуучуга 95 сомдон эсептегенде жалпы 53 …
Учкун айылынын Асанаалы атындагы көчөсүнө балдарынын демилгеси менен шагыл төгүлдү. Камаз менен 25тей үймөк төгүлүп, 25 миң сомдой каражат кеткен.
Нарын районуна караштуу Учкун айылына илгертен бери кино келе элек. Мунун себебин билүү үчүн маданият үйүнүн башчысы Мирлан Дүйшекеев менен маек курдук.
Учкунда 9-июнь күнү жыйналыш болду. Учкун айылы грант утуп алып, элдерди чогултуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга 250 миң сом керектелет, бул акча тургундардан чогултулат.
Биз Учкун айылындагы көчө чырактары боюнча айыл өкмөттөн интервю алганыбызда «көчө чырактарынын көбү күйөт» деп маалымдаган. Бул туурасында айыл тургундарынан сизди көчө чырактары канааттандырабы, эгер канааттандырбаса эмне үчүн, деген суроолорду …
Учкун айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө «биздин айылда оорукана курулса жакшы болмок, бул ФАПтан жатып даарылангана болбосун» айтып өтүштү. Бул туурасында ФАПтын дарыгер жетекчиси Замира Базарбаева менен маек курдук.
Учкун айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө «көчө чырактар иштебейт, караңгыда баскандан коркобуз» дешти. Бул туурасында айыл башчысы Максат Кулманбетов менен маек курганыбызда ал көбү эле оң, арасында оңдолбогондору да бар экендигин жана …