Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Учкун

Учкунда АЧД сабагы боюнча өрөөндүк мелдеш өттү

Учкун мектебинде 30-апрель күнү Аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпы беш өрөөн катышып, ок атуу, саптык көнүгүүлөр жана даярдыктар, жеӊил атлетика жана башка түрлөр боюнча күч сынашышты.

Учкун: Жаанга карабай топ ойногон жаш футболчулар

Эшбай Токсобаев атындагы мектептин мектеп парламенти 4-апрелде футбол боюнча “Учкунстан кубогу” аталышындагы мелдеш өткөргөн. Жамгырдын жааганына карабай 7-класстын окуучулары 16-апрелде аталган мелдешти демилгелеп уюштурду.

Сары-Ой: Мектептин чатыры жана терезелери оңдолду

Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мектептин эскилиги жетип, 2015-жылы май айында тендерди утуп алышкан. Анын негизинде мектептин чатыры жана терезелери жаңыланды.

Учкундун жаңы салынып жаткан мечитине мунара орнотулууда

Билал Исаковдун демилгеси менен2015-жылы Учкун айылында мечиттин курулуш иши башталган. Ал эми азыркы учурда мечитке мунара орнотуу иштери жүрүүдө.

«Оболо, Теңир-Тоо таланттары» аталышындагы ыр кесе Учкунда өттү

Куланак айылында13-май күнү биргелешкен айыл таланттары менен бирге «Оболо, Тенир-Тоо таланттары» деген ыр кесе болуп өткөн. Аталган ыр кесенин уландысы 14-май күнү Учкун элине тартууланды.

Сары-Ойдун жаштары футбол аянтчасын курууда

Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында жаштар келечек муундарга ден-соолукту чыңдоо максатында футбол аянтчасын куруп жатышат. Спорт аянтчасын куруу 15-апрелден башталган болсо, 25-майга чейин бүтүп калаарын айтышат алар. 

Учкундун тренери Сары-Ой айылына барып сабак өтүп келди

Клооптун журналистика мектебинен окуп келген тренер Бегимай Бекмурат кызы Нарын районунун Сары-Ой айылына барып, онлайн журналистика жана сүрөт баян даярдоо боюнча сабак өттү. Сабакка 20 окуучу катышты.

Учкун: Окуучулар арасында тогуз коргоол боюнча мелдеш өтүүдө

Ушул жылдын апрель айынан баштап Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде тогуз коргоол боюнча 20-майына чейин мектеп арасында өтө турчу чоң мелдешке тандоо оюндары башталган. Бул оюндун түрүнө кызыккан окуучулардын көптүгүнөн …

Учкун: Мектеп бакчасына мөмө-жемиштер отургузулду

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2014-жылы БУУнун Азык-түлүк программасынын негизинде мектеп ашканасына ысык тамак даярдоо үчүн 1 миллион сомдук акчага керектүү жабдыктарды жеңип алышкан. 2016-жылы аталган долбоордун уландысынын …

Учкун: Мектептин тамчы аккан жерлери качан оңдолот?

Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин курулуп, ишке берилгенине төрт жыл убакыт болсо, ошондон бери 29 бөлмөлүү мектептин ондон ашык классында тамчы тамат. Бул маселе боюнча мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова менен маек …

Дүйнөгө таанымал Ташчайнар учкундуктарга өз өнөрүн көрсөтүп кетти

Нарын районуна караштуу Учкун айылында Ташчайнар каймана аты менен белгилүү Нурлан Алишеров келди. Концерттен түшкөн каражатты Ташчайнар жакында эл аралык сынакка баруу үчүн керектелерин айтты.

Катышуучу баяны: Республикалык «Жоокер ыры» сынагында 1-орунду кантип багынттым?

Республикалык «Жоокер ыры» сынагы 22-апрелде Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясында өткөрүлдү. Сынакка жалпы 40ка жакын окуучу катышып, 3 номинация боюнча ат салышышты.

Учкун: «Алиппе» майрамы белгиленди

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылда белгиленчү «Алиппе» майрамы болуп өттү. Бул майрам өзгөчө болуп, окуучулардын ойлонуусун арттыра турганы менен мурдагысынан айырмаланды. Майрамга үч класс катышып, КВН түрүндө болду.

Учкун айылында ачык эшиктер күнү болуп өттү

«Тарых жана маданият» жылына карата Нарын районунун Учкун айылында ата-энелер менен бирдикте мектепте өтүлүп жаткан тарбиялык иштерге анализ берүү жана сапаттуу билим берүү боюнча ачык эшиктер күнү болуп өттү. Аталган …

Учкун: Быйыл аткарылуучу иштер тууралуу жалпы жыйналыш болду

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жалпы элдик жыйналыш болуп өттү. Аталган жыйналышта багылуучу малдын баалары, жайлоо маселеси жана жер айдоо, суу маселелери каралды. Жыйналыш Чоро Кожомжаров атындагы маданий үйүндө өткөрүлдү.

Учкунда «Айыл ажары» сулуулар сынагы болуп өттү

Учкун айылында Нарын районунун «Аракет» тобу уюштурган сынак болду. Аталган топ сегиз айылга барып сулуулар конкурсун уюштурушат.

Учкундук окуучу “Жоокер ыры” республикалык сынагына жолдомо алды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Найзабек Мукамбет уулу “Жоокер ыры” сынагынын “Көркөм окуу” номинациясы боюнча биринчи орун ээледи. Аталган сынакта “Патриоттук ырлар”, “Жоокер ыры”, …

Учкун: Окуучулар облустук “Манас таануу” таймашында 3-орунду ээледи

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин “Нур баян” тобу Нарын облустук “Манас таануу” сынагынан 3-орунга татыктуу болду. Аталган топ мектептин 8-9-класстардын окуучуларынан түзүлгөн.

Cүрөт: Учкундагы жаз айы

Учкун айылында жаз келип, айлана жашыл түскө боёло баштады. Бирок аба ырайына таянсак, алдыңкы күндөрдө кечинде жаандын жаашы күтулөт жана танга маал токтоп күн ачык болот.

Өрөөндүк «Манас» таануу сынагы Учкунда болуп өттү

Нарын районуна караштуу Учкун айылында өрөөндүк «Манас» таануу сынагы болуп өттү. Сынакка Куланак жана Пионер айылдарынын жаш манасчылары келишип күч сынашышты.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...