Ал Кытайдагы 5 университетке окууга өтүп кеткен. Учурда Шанхайда окуп жаткан 18 жаштагы Алмаз Эшбаев тууралуу кыскача маегибизге назарыңыздарды бурмакчыбыз.
Учкун айылынын жашоочусу Арген Бердибеков достору менен «art картина» жасап киреше табышууда. Долбоор декабрь айынан баштап ишке берилген жана аны төрт адам иштетүүдө. Амантур Дюшенбеков, Жоодар Рахатбеков, Фархат Жумашэгулов, Арген …
Нарын шаарындагы Курманжан Датка аталышындагы кыздар жатаканасы 2014-жылы ишке берилген. Жатаканадагы мык жана жиптен жасалган КРнын символикасы жөнүндө сүрөт баянга көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Учкун айылы Нарын районунда жайгашкан. Айыл Нарын дарыясынын сол жээгинде 90км алыстыкта орун алган. Бул чыгарылышта айылдын түптөлүшү жана бул аттын коюлушу туурасында маалыматты сунуштайбыз.
Нарын районунун Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебине шайланган 33 жаштагы мүдүрү Назира Касымбекова менен маекти сунуштайбыз.
Нарындын Учкун айылында кышка даярдыктар башталды. Көмүр баасы 3500 сом, көңдүн баасы 4000 сомдон сатылууда. Ал эми мектепке электрдик-жылытуу системасы коюлуп, 10 күндүн ичинде ишке берилет. Малдар болсо тоодон арык түшүп, оорулар …
Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебине 2014-2015-жылдары 140 жылыткыч келип, алардын 60 ка жакыны жарактан чыккан. Класстар суук болгондуктан окуучулар кийимчен отурушчу. Долбоордон 1 миллион сомго ээ болушуп, сентябрь айына чейин …
Нарын районунун Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов менен келечектеги жана учурдагы иштери туурасында маек кылдык.
Нарын районунун Учкун айылында 2016-жылы айылдык депутаттарды шайлоодон айымдар арасынан Бурулсун Мурзалиева жалгыз талапкерлигин коюп 210 добуш менен өткөн. Учурда 10 депутаттын ичиндеги жалгыз айым.
Ак-Талаа районунда Нарын дарыясын кесип өтүүчү көпүрө 2017-жылы жараксыз абалга келгендикен оңдоо ишине берилген. Эң алгач көпүрө союз учурунда 1967-жылы курулган. Жараксыз абалга келгенде 1981-жылы ремонттон өткөрүлгөн. Кайрадан көпүрө урап …
Нарын районунун Учкун айылында 5-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган мемуардык эстеликтин ачылышы болду. Айыл тургуну Данияр Коомбаевдин демилгеси менен уюштурулуп, Улуу жеңиштин 73-жылдыгына карата өткөн иш-чарага айыл …
Нарын районунун Учкун айылындагы тургунуну 36 жаштагы Нурзия Чегирткеева 2015-жылы эң жаш эне аталып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колунан акчалай сыйлык жана “Баатыр эне” наамын алган. Жаштайынан көп баланын энеси …
Нарын шаарынын Аска-Нур кафесинде 6-май күнү «Менталдык арифметика» боюнча олимпиада өттү. Ага Эшбай Токсобаев орто мектебинен 11 окуучу катышты. Анын ичинен сегиз окуучу финалга өтүп, Наргиза Жолдошбек кызы 2-орунду камсыз …
Нарын облусунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин жалпы жамааты бүгүн ишембиликке чыгышты. Он бештей мугалим келип мектептин айланасын тазалашты. 25 -мартта Карымшаков көчөсүндө да кичине балдар-кыздар өзүлөрүнүн каалоосу менен тазалоо …
Нарын районуна карштуу Учкун айылында Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгы (Global Money Week-2018) деген долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алып, 2018-жылдын бюджети, 2014-2017-жылдар аралыгындагы иштер боюнча отчёт берилди. Чогулушка жалпысынан 300 гө чукул ата-энелер …
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Бекмырза Нурлан уулу электр тогу менен отун жаруучу шайман жасады. Отун жарган шайман менен “ Интелектуалдуу окуучу ” сынагына катышып …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин 6-классынын окуучусу Камчыбек Бактыбек уулу бир жашынан бери Манас айтып келет. Камчыбек өзгөчө үнү, кыймылдары менен атаандаштарынан айырмаланып бир катар сыйлыктарга жетишкен.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Токсобаев мектебинин физика мугалими Рахат Бозгунчиева кадимки чай ичкен чынылардын жардамы менен музыка чыгарат.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Токсобаев мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Гүлмира Жумагулова 6 жылдан бери окуучуларды «Манас Таануу» интеллектуалдык таймашына даярдап келет. 24-мартта «Гүл баян» аттуу топ облустук …
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окуганга жолдомо алышты. Алар 27-февралда Нарын шаарына барып тест тапшырып жана дил баян жазып, көп упай топтоо менен окууга өтүштү.