Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ысык-Көл

Токтоянда жайкы эс алуу кандай өтүүдө?

Токтояндагы окуучулардын кээ бири бош убаккытты китеп окууга бөлүп жатса, кээ бири ар түрдүү оюндарды ойноп, эс алуу кызыктуу болуп жаткандыгын айтышууда.

Токтянда сүттүн баасы арзандоодо

Түп районунун Токтоян айылында сүттүн баасы барган сайын төмөндөп, айыл тургундарынын нааразычылыгын жартууда. Буга чейин 10-15 сомдон сатылган сүттүн литри учурда тогуз сомдон болууда.

Токтоян: Жаан басылбагандыктан айылдагы чөп маселеси курч алууда

Быйыл аба ырайы кескин өзгөрүп, жаандын жаашы басылбай, айыл тургундары чөп чаба албай жатышат. Алар чөп кургабай, чабылган чөптөр четинен чирип жаткандыгын айтышууда.

Айылда ФАО тарабынан уюштурулган концерт болуп өттү

Токтояндын тургундарынан түзүлгөн топ айыл жашоосунда болуп жаткан көйгөйлөрдү жеткирүү үчүн ар кандай терс көрүнүштөрдү сахналаштырып элге тартуулады.

Токтоян: Көз оорусуна чалдыккан айыл имамы

Буга чейин беш-алты жыл бою айыл имамы болуп келген 37 жаштагы Тыныбек Зундунов көз оорусуна чалдыгып калды. Ал бейтапканаларга барып жылына текшерилип жүрүп, бирок, бул оорусу уламдан-улам күчөп, азыркы абалы жакшы …

Токтоян: Айылда жарым сааттан ашык жааган мөндүр жашылча-жемиштерге зыян келтирди

Токтоян айылына түшкөн мөндүрдүн көлөмү чоң болгондуктан, айыл тургундарынын жашылча-жемиштерине зыян алып келди. Өз эмгектери менен сепкен жашылча-жемиштери куурап, абалдары начарлап калды.

Сарытологой: Айылдагы ФАПты оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат

Сарытологой айылындагы ФАПта оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери оңдолбогон ФАП имаратын быйыл айыл өкмөткө кайрылып, атайын бул иш каралып, акча бөлүнүп берилген.

Сарытологой айылында семинар болуп өттү

Түп районунун Сарытологой айылында семинар болду. Семинарды «Токтоян» жамааттык мультимедиа борборунун тренери Адилия Мундукова аталган айылдын 9-11-классынын окуучуларына өткөрдү.

Токтоян айылында айыл чарбаны өнүктүрүү долбоору уюштурулду

Токтоян айылында Швейцариялык айыл чарба өнүктүрүү фонду (ФАО) тарабынан уюштурулган окуу болуп өткөн. Окуунун негизинде долбоор жазылып, жашылчалардын жаңы сортторун өстүрүү пландаштырылып, алар себилген. Жалпысынан бул долбоорго айылдан  46 адам …

Сарытологой: Айылда мечиттин курулушу токтоп турат

Түп районунун Сарытологой айылындагы мечиттин курулушу былтыр ноябрда башталып, кийин бүтпөй калган. Бул туурасында айыл депутатты Кенжебек Балтабаев менен маек курдук.

Тасма: Cугат суу элдерге жетишерлик элеби?

Карасаев айыл өкмөтүнө Тасма, Тогузбай, Токтоян айылдары кирет. Айыл тургундары айдап сепкен эгиндерин сугарууда суу жетишпей маселе жаратаарын билидирет.

Тасма: Баатыр эне наамын алган Дария Касымова

Баатыр эне наамын Тасма айылынын тургуну Дария Касымова 1972-жылы алган. Бул наамды Дария Касымова 11 балалуу болгон соң алып  мамлекет тарабынан ардак громата жана баатыр эне ордени менен сыйланган.

Тасмада электр зымдарына тийген бактар кыйылууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында электр зымдарына тийген бак-дарактар кыйылууда. Айыл тургундары үчүн да жакшы болуп жатканын билдирип өтүштү.

Токтоянда ыр кесе болуп өттү

Быйылкы тарых жана маданият жылына карата Токтоян айылында ыр кесе болду. Бул ыр кеседе айылга өз салымдарын кошкон белгилүү инсандардын жасаган иштерин чагылдырып, көрсөтүп беришти.

Чоң-Тогузбайда акыркы коңгуро майрамы белгиленди

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде акыркы коңгуро салтанаты болуп өттү. Бул салтанатта мектеп бүтүрүчүлөрү агай- эжейлерди 11-жыл окутуп өстүргөнүнө ыразычылык билдиришти. Мектепти 10-жыл мурун бүтүргөн окучулар кайрадан …

Чоң-Тогузбай: Беш жылдан бери мал алып саткан Жанат Садыров

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Жанат Садыров беш жыл бою алып-сатар болуп иштеп, үй жайын оңдоп, чоң машина сатып алган. Жума сайын жекшемби күндөрү мал базарга барып, соода менен алектенет.

Чоң-Тогузбайда АЧД боюнча балдар арасында үч күндүк машыгуу өттү

Чоң-Тогузбай айылында аскерге чейин даярдык (АЧД) сабагынын алкагында үч күндүк практикалык сабактар болду. Сабактарда практика жүзүндө иштер жана аскердик машыгу өтүлдү.

Тасма: Өспүрүмдөргө спирт ичимдиктери сатылуусу туурабы?

Азыр дээрлик бардык аймактарда өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Бирок ал мыйзамга канчасы баш ийүүдө, белгисиз.

Тасмага коңшу айылдан тактай тилгич келип кызмат кылууда

Түп районуна караштуу Тасма айылына Миң-Булак айылынан тактай тилгич келди. Бул тактай тилгич келүүсү менен тургундардын дагы бир көйгөйү чечилгендей болду.

Сүрөт баян: Тасма айылы адыр тоолору менен кооз

Тасма айылы тоолуу өрөөнгө киргендиктен айланасынын баары тоолор курчаган. Башка жерден келгендерге да адыр тоолор көрктүү көрүнөт.

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...