Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ысык-Көл

Тасма: Тигүүчүлүк менен алектенген Сагынай Осмонакунова

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сагынай Осмонакунова тигүүчүлүк менен алектенип келет. Осмонакунова тиккен кийимдерин айылдагы дүкөнгө коюп өткөзөт.

Токтоян: 20 жылдыктар мектепке кол жуугучтарды алып берди

Түп районунун Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүп кеткендер башкаларга салыштырмалуу акчаларын пайдалуу коротушууда. Алар мектептеги окуучулардын камын ойлоп, окуучулар үчүн кол жуугучтарды белек кылышты.

Тасмада чүкө оюндары көп ойнолууда

Учурда Тасма айылында эле чүкө оюндары көп ойноло баштады. Аны айылдын кичинекей эле эмес, чоңдору да ойношууда.

Тасмада майып балдары менен жашаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Түп районунун Тасма айылынында жардамга муктаж болгон үч тубаса майып балдарды чоңойтуп келе жаткан үй-бүлөгө ”Human Appeal International” кайрымдуулук фонду тарабынан жардамдар көрсөтүлдү.

Тасма: Мектеп спорт аянтчасынын абалы начар

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинин оюн аянтчасынын абалы начар деп билдиришүүдө. Мурда оюн аянты талапка жооп бербеген жерге жасалганы айтылууда.

Чоң-Тогузбай айылында айдоо-себүү иштери аяктады

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын айдоо-себүү иштери аягына чыгууда. Себүү иштеринде картошканын бир канча сорттору, арпа, буудай, беде себилип, кээ бир элдер мышык чөп айдады.

Чоң-Тогузбай айылында баскетбол боюнча мелдеште Тасма курамасы биринчи болду

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын “Тогузбай ата” атындагы спорт сарайында Ата-Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата баскетбол оюну болуп өттү. Бул оюнда беш команда катышып, анда Тасма айылынын курама командасы алдыңкы орунга …

Тасмадагы ФАО уюмунун өсүмдүктөрү менен чет өлкөлүк өкүлдөр таанышты

Түп районунун Тасма айылында ФАО “Жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында жаңы өсүмдүктөрдү өстүрүп жаткан жумушчулар менен чет өлкөдөн келген атайын жарандар таанышууда.

Тасмада жол маселеси качан чечилет?

Түп районунун Тасма айылында жалпысынан төрт көчө бар. Айылдагы ички көчөлөр оңдолбой маселе жаратып жаткандыгын билдирет айыл тургундары. Бирок бул маселени чечүүнү жергиликтүү бийлик колго алып, акыркы үч жылдан бери …

Тасма: Тамекинин зыяндуу жактары жөнүндө тарбиялык саат болуп өттү

Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде 7-а классынын күчү менен  даярдалган тарбиялык саат өттү. Сабактын максаты чылымдын ар кандай зыяндуу жактары бар экенин түшүндүрүү.

Токтоян: Абдынапык агайдын эмгеги жана китепканасы

Токтоян айылындагы маданият үйү Абдынапык Осмонов агайдын эмгегинин аркасында салынган. Андан тышкары өз үйүндө китепканасы да калган.

Токтояндын Жаштар ансамблинин түзүлгөнүнө беш жыл болду

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов №18 орто  мектебинин Жаштар ансамбли курулуп, алар көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө.

Тасма: Бозо жасоо менен алектенген Лиза Кыдырбаева

Тасма айылынын тургуну Лиза Кыдырбаева бозо жасап айыл тургундарына сатууда. Айтымында ата-энелер балдарынын табитине жараша буйрутма менен бозо жасатат.

Тасма: Айыл өкмөт башчысы көчөлөргө жарык кою маселесине кандай карайт?

Тасма айылында жалпысынан төрт көчө бар, ал көчөлөргө жарык кою маселеси көйгөйлүү маселелердин бири экенин билдирет айыл тургундары. Айылдагы Абдыкерим көчөсүнө жарык орнотулуп азыркы күндө алар иштебей жататканын айтышат тургундар.

Тасмада немец тили мугалими ыр жазуу менен алектенет

Түп районунунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин немец тили сабагынын мугалими Айзада Кадырова өзүнүн бош убактысында ыр жаззат. Ал ыр жазууда көбүнчө тынч жерге олтуруп алып, жаратылыштын болгон кооздугун сүрөттөп …

Токтояндагы мектеп курулушу улантылабы?

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы мектептин эскилиги жетип калгандыктан, 2014-жылдын январь айынан тарта жаңы мектептин котлованы казыла баштаган. Бирок салынып жаткан мектеп 2015-жылы ноябрь айында токтотулуп, качан улантылаары белгисиз.

Тасмада купка салынат

Түп районуна караштуу Тасма айылында мал жандыктарын купкага салуу боюнча долбоор жүрүүдө. Мурда айыл тургундары купка жоктугуна байланыштуу коңшу айылдарга барып кой жандыгын дарылатып келишчү.

Чоң-Тогузбай айылынын сугат каналы оңдолууда

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы сугат каналы оңдолуда. Айылдыктардын айтымында, канал 1984-жылы кыш мезгилинде салынгандыктан топурак тоңуп цементти тебип кеткен.

Чоң-Тогузбайда алиппе майрамы өттү

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде алипе майрамы болуп өттү. Окучуларар кандай ырларды ырдап, бийлерди көргөздү.

Чоң-Тогузбайда таштандылар белгиленген жерге төгүлсө

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын жашочулары айылдын четинде жайгашкан сууга таштанды төгүүдө. Айыл башынын айтуусунда, таштанды үчүн атайын жер бөлүнгөн. Айрым жашоочулар таштанды ыргыткан жердин бар экендигинен кабарсыз экендиктерин билдиришүүдө.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...