Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Жалал-Абад

Ооган-Талаада экинчи ирет сел жүрдү: Төрт үй жараксыз абалда

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында экинчи ирет сел жүрүп жолдор тосулду. Айыл тургундарынын үйүнө чейин сел кирип жабыр тартышты.

Ооган-Талаа: Жол чырактар маселеси тууралуу айыл өкмөтү эмне дейт?

«Ооган-Талаа» жамааттык мультимедиа борбору айыл тургундарына сурамжылоо жүргүзгөндө айрымдары көчөдө түнкүсүн чырактар иштебей, ыңгайсыздык жаратып жатканын айтышты. Мультимедиа борборунун кабарчысы бул тууралуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов менен маек курду.

Ооган-Талаадагы төрөт үйү июль айларында колдонууга берилет

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн абалынын начардыгына тургундар . Учурда толук оңдодон өтүп жатат.

Ооган-Талаада таштандылар унаа менен айыл четине төгүлө баштайт

Ооган-Талаада айылынын тургундары таштандылардын көбөйүп жатканын бизге билдиришти. Биз бул маселе тууралуу Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктар Калдаров менен маек курдук.

Токтогулда Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш чара болуп өттү

Токтогул районундук билим берүү бөлүмү “Тарыхта калган кара тактар” сынагын уюштурду. Ага тогуз мектеп катышып, Комсомол айылынан барган топ алдыңкы орунга татыды.

Терек-Сууда суу түтүктөрү июнь айында оңдоло баштайт

Терек-Суу айылына сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көбүнчөсү тургундар таза суу көйгөйү бар экенин билдиришти. Бул маселе боюнча Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Джээналиевге кайрылып, маек курдук.

Турусбек мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү

Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү. Бул бирдиктүү форма кийүү демилгеси аталган мектептин директору Турсумкан Абдыгуловага таандык.

Ооган-Талаада 2017-жылы жаңы балдар бакчасы курулмакчы

Айыл тургундарына жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында көйгөйлүү маселелердин бири балдар бакчасы экенин аныкталды. Тургундар балдарына бакчада орун жетпей калгандыктан тарбияланбай жаткандыгын айтышты. 

Ооган-Талаа: Айылдагы стоматология

Ооган-Талаа айылындагы тиш дарылоочу бөлүмү көп жылдардан бери тургундарга кызмат көрсөтүп келет. Кыскача баяндамабызды сунуштайбыз. 

Терек-Суу: Согуш ардагери Кул Назарбеков менен маек

Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Кул Назарбеков 92 жашта. Ал 18 жашында Ата Мекенди коргоо үчүн согушка аттанып кеткен.

Ооган-Талаада катуу жаандан үйлөрдү сел алып жолдор тосулду

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында 25-апрелден 26-апрелге караган түндө катуу жаан жаап, үй, жолдорду сел алды. Айыл өкмөт башчысы 10 үйдү сел алганын айтты.

Терек-Суунун тургуну «Мопед» техникасын жасап чыкты

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаӊы техника пайда болду. Анын аты «Мопед». Бул техника отун аралагычтын моторунан алынып жасалган.

Терек-Суу: Мектепте «Алиппе» менен коштошуу кечеси болду

№12 Курама уулу Турусбек мектебинде бүгүн 21- апрель « Алиппе» майрамы болуп өттү. Биринчи класстар ата- энелерине таланттарын көргөзүп,  ырдап, бийлеп, жыл бою жаттаган ырларын айтып ата- энелерин кубантып жатышты.

Терек-Суу: Мектепте «Китеп жумалыгы» болуп өттү

Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 20-21-апрель күндөрү «Китеп жумалыгы» болуп өттү. Эки күнгө созулган иш чарада окуучулардын китепке болгон кызыгуусу артып жатканын айтышат.

Сүрөт: Ооган-Талаада алиппе майрамы болду

Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде 1-классынын алиппе майрамы болду. Майрам окуучулардын ата-энелеринин катышуусу менен өттү.

Ооган-Талаада мектептин спорт аянтчасынын айланасы тосулууда

Айыл өкмөтүнүн айтымында мектептин спорт аянчасынын айланасы проектинин негизинде тосулууда. Дене-тарбия мугалими аянтчанын тосулуп жатканына кубанып жатканын айтты.

Кызыл-Суу: Ийгиликтин эрте-кечи жок деген 69 жаштагы акын Салкын Нуркулова

Салкын Нуркулованы 45 мөнөттүк жыйында бир мугалим жалган жалаа жапкандыктан, ал районго ыры менен арызданып кайрылган. Эмгеги бааланып ошондон кийин китеп чыгара баштаган. Учурда каражаты жоктугунан жаңы жазылган китеби басмаканада …

Могол айыл аймагында элдик жыйын болду

Жыйынга Базар-Коргон районунун акими катышты. Могол айыл аймагынын тургундары өз суроосуна жооп алышты. 2015- жылдын жыйынтыгына карата мыктылар грамота алды.

Ооган-Талаа: Окуучулар менен космоско саякат

12-апрель космонавтика күнүнө карата реферат, плакат жана кол өнөрчүлүк сынагы болду. Анда Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары кече өткөрүштү.

Ооган-Талаа: Мектепте ата-энелер үчүн ачык эшик жумалыгы болуп өттү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде ата-энелер менен мектептин мамилесин жакшыртуу максатында ачык эшик жумалыгы болуп өттү. Жумалыкта ата-энелер балдары менен чогуу катышты.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...