Кыргызстандагы 30 жашка чейинки жаштар жакырчылык жана жумушсуздук кеңири жайылган аймактарда жашашат. Тоолуу жана суук аймактардын сап башында турган Нарын облусунда да жумушсуздук көйгөйү курч.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылында жаштар үчүн “Казан-Куйган жаштар биримдиги” уюму уюшулуп, иш алып барып келет. Пандемия учурунда уюм мүчөлөрү айыл элине колдоо көрсөтүп, көптөгөн демөөрчүлөрдү тартып, оорукананы дем алдыруучу …
Төлөк айылындагы жаштардын көбү жумуш издеп шаарга кетишкен. Бирок КОВИД-19 илдетинин кесепетинен айылга кайтып келгендери да бар. Ал эми айрым жаштар шаарга баруудан баш тартышып, айыл түйшүгү менен алектенишүүдө.
Пандемия учурунда көпчүлүк жаштар карап турбастан колдон келген жардамын көрсөтүштү. Алар бош убактыларын текке кетирбестен, илдетти жеңүүгө салымын кошуп келишти. Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын «Кара-Суу» жаштар уюмунун төрагасы Кубанычбек Кадыров …
Пандемия учурунда элеттик жаштар жеке ишкердикте, билим алууда, кайрымдуулукта, жардам көрсөтүүдө ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Айрымдары коомдук иштерде жигердүүлүк көрсөтсө, атайын уюм түзүп, кайрымдуулук иштерин жасаган жаштар дагы жок эмес.
Мааракени белгилөө үчүн 30 миң акча каражаты бөлүнүп, аксакалдар, аялдар чайга чакырылып жаштарга болсо футбол, волейбол, шахмат оюндары байгелер менен ойнотулду.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чара эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өткөрүлдү. Бул туурасында алдын ала Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы Мирлан Джекшенов …
Кочкор районунун жаштары иликтөөчү- журналист Улан Эгизбаевдин атынан коомдук бирикме негиздеп, бир катар иш-чараларды уюштуруп келишет. Андан тышкары, журналистке арнап тасма да тартууга жетишишкен. Учурда бирикмени Дастан Алтынбек уулу жетектейт.
Тез окуу боюнча тренер, “Данек” китеп дүкөнүнүн ээси Элла Зарылбекова 22 жашта. Ал минутасына 25000 сөз окуйт. Учурда тез окууну өздөштүрүү маанилүү жана заман талабы деп эсептейт. Алдыда тез окуу, …
«Жаратман жаштар долбоорунун алкагында «Сузак айыл өкмөтүнөн №2 Дом-Ата, Х.Алимжон мектептеринен эки демилгелүү топ катышып, кичи грант утуп алышкан.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында өлкөнүн жети дубанынан көчүп келип отурукташкан эл жашайт. Айыл элинин ынтымагын бекемдөө максатында айыл активисттери дайыма майрамдык иш- чараларда ыр кесе же болбосо жаштар арасында ар …
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу окуучулардын жана педагогдордун коопсуздугун камсыздоо максатында №43-Кесиптик лицейде окуу процессин уюштуруу жана мамлекеттик сынактарды өткөрүүдө санитардык эрежелер сакталууда.
2020-жылы бүткүл дүйнөлүк пандемия учурунда Кыргызстандагы мектептер дагы жабылып аралыктан окутууга өткөн болчу. Ошол учурда 11- классты аралыктан аяктаган окуучулар, жогорку окуу жайга тапшырып, ал жерде дагы аралыктан окууга дуушар …
Пандемиялык кырдаал Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө дагы адамдардын жашоосунда өзгөрүүлөрдү алып келди. Ал эми жаштар аралыктан билим алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү, изденүү менен бирге эле санариптештирүү заманында жаңы тармактарды өздөштүрдү.
Ак-Талаа раонундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайын айылынын 20жылдык бүтүрүүчүлөрү демөөрчүлүк кылышып, Турдалы Жамакеев (Ак койчу) көчөсүнө 20 көчө чырак коюп беришти.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда 1,6 млн жаштар (жаш курагы 14-28) жашайт. Алардын 30% шаарларда, ал эми 70% айыл жергесинде отурукташкан. Могол айыл өкмөтүндөгү жаштардын активдүүлүгү кандай? Мамлекттик деңгээлде …
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан Тыныбек Дөөлөтбеков, Байыш Акматалиев жана Бактияр Мусаев 85 миң сом акча каражатын демөөрчүлүк кылып, мектеп администрациясына тапшырышты.
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылындагы Узакбай атындагы сейил бакта балдар үчүн оюн аянты ачылды.
Аида Абдирасулова Кыргыз-Түрк- Манас университетинин студенти. Шаарга келгенден тарта китепкке болгон сүйүүсү күч алып китепкөй досторду тапканын айтат. Китепти окуп гана койбостон бир катар китеп сынактарына катышып жеңүүчү болгон.