Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылынын 29-январындагы №1– Инсандын руханий адеп-ахлактыгынын өнүгүүсү жана дене-тарбиясын чыңдоо жөнүндөгү Президенттин Жарлыгына ылайык Кочкор районунун РИИБи тарабынан уюштурулган Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде мугалимдер, окуучулар жана жумушчу-кызматчылар арасында кыргыздын улуттук оюндары боюнча атайын мелдеш болуп өттү.

Мелдешти Кочкор районунун Балдар иштери боюнча Инспектору милициянын майору Гүлира Касымкулова №15 кесиптик лицейине келип мелдештин жүрүшүнө күбө болду. Оюндар Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин спорт жетекчиси Үсөн Карамакеевдин жетекчилиги астында өттү.

Гүлира Касымкулова иш чаранын эң негизги максаты өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу экендигин айтып өттү
Кыргыздын улуттук оюндары аркан тартыш, кол күрөш, кап менен секирүү жана волейбол оюндары арасында мелдеш өткөрүлдү.

Агайлар кол күрөшүп жаткан учурдан

Эркек балдар арасында кол күрөш

Мугалим эжейлер арасында кол күрөш

Мугалим устаттар арасында кол күрөш

Кыздар арасында кол күрөш

1-2-курстар арасында кол күрөш

Балдар арасында кап менен секирүү

Агайлар арасында кап менен секирүү

Эжейлер арасында кап менен секирүү учурунан

1-курстун окуучу балдар арасында аркан тартыш

2-курстар арасында аркан тартыш учурунан

Мугалим эжейлер арасында аркан тартыш

Мугалим устаттар арасында аркан тартыш

Волейбол оюуну учуру

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи

1-курстун окуучуларынан даярдалган топ 1-орунду ээлешти
Мелдештин максаты: өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана убакытты туура жактарга пайдаланып, организмге терс таасирин тийгизген зыян нерселерден алыс болууга чакырып, жаш муундун кыргыздын улуттук оюндарына болгон кызыгууларын арттырып жана улуттук оюндарды даңазалап жайылтуу.

Бардык иш чарага мыкты катышкан окуучулар диплом, грамоталар менен сыйланышты
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом, грамоталар тапшырылды.
Төлөн Токтосунова