Гүлбарчын Маматали кызы 10 жыл мурун тигүүчүлүк тармакка кадам таштап, ишкерлик менен алектенүүнү чечкен. Учурда ал 30 адамды иш орду менен камсыздап келет. Анын ишканасынан өндүрүлгөн спорттук кийимдер Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусияга экспорттолот. 7 баланын энеси Гүлбарчын айым, учурда айылдагы кыз-келиндердин ишкерликке аралашуусуна да жардам берип келет.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы