Бир канча жыл мурун кыргыздын улуттук кийимдери унутулуп бара жатат деген талкуулар байма-бай болуп, коомдо ар түрдүү пикирлер жаралчу эле. Бүгүн болсо, заманбап дүкөндөрдө, маараке – тойлордо улуттук кийимдерибиз да өзүнүн актуалдуулугун көрсөтүп келет. Албетте, бул биринчи кезекте мыкты үлгүлөрдү ойлоп таап, аны иш жүзүнө ашырган дизайнерлердин эмгеги экени талашсыз. kyrgyzmedia.kg бүгүн кыргыз кийимдери менен бирге өз ысымын бренд кылган Байра Толгонай менен жакындан тааныштырат.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы