Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасынын куттуктоосу

9 Июнь 2020 жыл 13:43
Количество просмотров: 178

  9-Май — Улуу жеңиш майрамы. Бул күнү фашисттик Германия толук капитуляция келишимине кол коюп, прогрессивдүү адамзат коому нацисттик балээден кутулган. Фашисттик Германия менен согушка миңдеген кыргызстандыктардын катарында Сүлүктүлүк жоокерлер да  катышып, алар көрсөткөн эрдик Улуу жеңиш тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Буга мисал Сүлүктү аскер комиссариатынан согушка аттанып, баатырларча курман болгон жердешибиз, Советтер Союзунун баатыры Самат Садыков.

“Урматуу Сүлүктү шаарынын тургундары! Ардактуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылда эмгектенгендер! Согуш жылдары экинчи фронт деп аталган көмүр кенинде эмгектенген шахтерлор!Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы менен өзүмдүн атынан жана Сүлүктү шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын жүрөктөн куттуктайм!     

Ардактуу ардагерлер жана тылда эмгектенгендер, экинчи фронт деп аталган Сүлүктү көмүр кенинде эмгектендер!

 Сиздердин улуу эрдигиңиздердин аркасы менен биз ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатканыбызга 75 жыл болду. Сиздер кан майданда өлүмгө тик карап, Жеңиш менен кайттыңыздар. Оорукта күн-түн дебей эмгектендиңиздер. Сүлүктү көмүр кенин Орто Азиянын кочегары деген сыймыктуу атка кондурдуңуздар! Дүйнөлүк тарыхтагы эң катаал согушта адамзатты фашизмдей кара тумоодон сактап калдыңыздар. Бизге жашоодогу эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартууладыңыздар. Эркин жашоого, жакшы  турмушка жол ачтыңыздар.

   

Урматтуу Сүлүктү шаарынын тургундары!

Улуу Жеңиш биринчи кезекте көп улуттуу элибиздин биримдигинин жана ынтымагынын аркасында камсыз болгонун эч качан эстен чыгарбайлы. Достугубузду, эл ынтымагын арттыралы. Ынтымак, тынчтык жана туруктуулук эгемендүү Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылууда  эң негизги шарттардын бири экендигин унутпайлы. Даңктуу тарыхыбызды урматтайлы. Улуу муундун өлбөс-өчпөс эрдигин эч качан эстен чыгарбай, алардын жолун татыктуу уланталы. Ардактуу ардагерлерибизди камкордукка алып, алардын татыктуу жашоосу үчүн бардык шарттарды түзөлү.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм! Кыргызстаныбыз, Сүлүктү шаарынын эли тынчтыкта жана  биримдикте гүлдөп өнүгө берсин!

Терең урматтоо менен, Сүлүктү шаардык Кенешинин төрагасы Каныбек Исмаилов.

Барчынай Алимова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1871

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

26

МЕДИКТЕР:

365

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1265

КАЗА БОЛГОНДОР:

20

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1871

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

26

МЕДИКТЕР:

365

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1265

КАЗА БОЛГОНДОР:

20

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...