Карточка: Эмне үчүн IT тармагында билим алуу керек?

12 Июнь 2020 жыл 17:40
Количество просмотров: 480

Технологиялар доорунда кесиптер ар эки жылда жаңыланууга туура келүүдө.  Бүгүн дүң болуп жаткан IT нин келечеги кандай? Сиз бул тармакта билим алып, дипломуңузду колго алганча, кесип коомдо актуалдуулугун жоготпойбу? 

5.
Кайсы жерде окуу керек? Университет же кыска мөөнөттүү курс?
Акыркы жылдары IT тармагында билим берүүнү көпчүлүк окуу жайлар колго алууда. Муну менен катары Кыргызстанда эле ондогон курсттар ачылды. Бирок, университетте 5 жыл билим алуу керекпи же 6 айда эле курсттардан окуп, иштеп кетсе болобу деген суроо туулат. Ал эми IT тармагындагы көпчүлүк адистер, эгер мүмкүнчүлүк болсо университетте билим алууну жана ар дайым изденүүнү сунушташат. Анткени, IT шар аккан суу сымал күн сайын жаңычылыкка туш келүүдө. Муну менен катар кардарлардын суроо талабы да ар күн сайын жаңыланып, өсүп турат.
Ал эми кыска убакыттык курсттар – башка кесиптин ээси, же эртеден кечке университетте окууга убактым жок  деген адамдар үчүн ыңгайлуу. Анткени, 25 жаштан өткөн адамдын мүмкүнчүлүктөрү 18 жаштагы кыз-жигиттерге караганда чектелүү болот эмеспи.  
6.
IT адистеринин бир айлык маянасы миллионду чапчыйт деген чынбы?
Ооба. Бул тармактагы айлык акы 500 — 65 миң АКШ долларына чейин жетет. Маянанын жогору болуусу  адистигинен, квалификациясынан, эмгектенген компаниядан жана өлкөдөн түздөн-түз көз каранды. Дагы бир өзгөчөлүк, көптөгөн кесипкөйлөр улам жаңы программалоо тилин өздөштүрүүгө аракет кылышат. Канчалык көп программалоо тилин билсеңиз, айлыгыңыз ошончо жогору болот.  Эгерде компанияда карьералык өсүү болсо, анда өзүн иште ийгликтүү көрсөтө алган адис, жетекчиликке чейин көтөрүлө алат. Ошондой эле көпчүлүк адистер фрилансер боло алышат.
Эң аз акы төлөнүүчү жумуштар: junior — иштеп чыгуучулар. Алар бул тармакта билим алып жаткандар. Эмгек рыногунда эң көп маянаны — программалык камсыздоонун архитекторлору жана тутум инженерлери алат.  Алар продукцияга же долбоорго толугу менен жооп берет.

Касиет Кубанычбек кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1817

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

69

МЕДИКТЕР:

362

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1181

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1817

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

69

МЕДИКТЕР:

362

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1181

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...