Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги Кыргызстандагы Интерньюс Нетворк өкүлчүлүгү менен өнөктөштүктө «Медианын көз карандысыздыгын колдоо боюнча демилге» (Медиа-К) долбоорунун алкагында төмөнкү жабдууларды сатып алууга тендер жарыялайт. Кененирээк маалыматты бул шилтемеден ала аласыз.
Учурдагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районунда социалдык жактан жардамга муктаж. 200 үй-бүлөгө 7 түрдүү жер-жемиштердин уруктары бекер таратылды.
Учурда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык окуу жылы 30-майда аяктайт. Ал эми бүтүрүүчү класстар үчүн «Акыркы конгуроо»салтанатын онлайн өткөрүү жагы каралууда.