Нуржахан Асылбашева: Атам карьераңды кылууга жетиш деп айтчу

21 Июнь 2020 жыл 11:26
Количество просмотров: 311

Нуржахан Асылбашева Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын менеджмент жана Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо багытында билим алган. Эки кесипти бирдей аркалаган айым, оратордук чеберчилик боюнча да тренер. Эки баланын энеси, күйүмдүү жар аял заты күнүмдүк турмуш деп жүрүп өзүн унутуп калбашы керек дейт.

Нуржахан Асылбашева 10 жашынан тарта эл алдында комуз чертип келет

— Сиз бир убакта тренер, менеджер жана вокал ырчысысыз. Бул иштердин бардыгы эл менен тыгыз мамиледе болууну талап кылат эмеспи. Эмнеге коом адамы болууну тандагансыз?

— Элдин адамысың, сени эл үчүн тарбиялагам деп апам тамашалап айтып калчу. 10-жашыман баштап көпчүлүктүн алдында комуз күүлөрүн чертип, алып баруучу болуп, кийин окуган мектебимдин президенти болгом. Ал эми атам болсо, окуучулук күндөрүңдө карьераңды кылууга жетиш деген сөзүн көп айтчу. Анда түшүнчү эмесмин. Көрсө, мектепте окуп жүргөндө өзүмдө өстүргөн жөндөмдөр өмүр бою мени менен калат экен да. Уюштуруучулук иштерге, тайманбай сүйлөп, оюумду жеткире билүү жөндөмүмө жараша окуу жайды да тандагам. Коом адамы болууга ата-энем фундамент куйду десем жаңылышпайм.

— Ырчылык кесипти — таланты, кызыгуусу болсо дагы көп адам тандай бербейт эмеспи. Өзгөчө кыргыз элинде көпчүлүк кыздар турмушка чыкканда кесибим менен иштей албай калышым мүмкүн деген ойдо болот. Сизде да ушундай ойлор болду беле?

— Ырчылык кесипти үй бүлөлүү болгондо окудум. Жолдошум менен кыз жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө эле убадалашып алганбыз. Мен консерваторияга тапшыргандан баштап, бүткөнгө чейин колдоп келди. Бул өнөрдү мындан ары улантууга жалаң гана колдоо көрсөтөт.

Н. Асылбашева ырчылык кесипти турмушка чыккан соң окуган

— Карьерада бир канча тармакта активдүү иш алып барат экенсиз. Бардыгына кантип жетишесиз деген суроону мен биринчилерден болуп берип жатпасам керек…

— Мектепте окуп жүргөндө эле кошумча музыкалык мектепте да билим алчумун. Андан тышкары, англис тили курсуна да барчумун. Ошондой эле ар түрдүү иш-чараларга активдүү катышчумун. Күндөрүм аябай натыйжалуу өтчү. Күндөлүк деген түшүнүк менен бала кезимден бирге болдум. Ар дайым күн ичинде кыла турчу иштеримди жазып, аларды бүтүргөн соң калем менен белги коюп, өзүмө өзүм ыраазы болчумун. Ошол адат бүгүнкү күнгө чейин менде бар. Ар дайым жаныма күндөлүк алып жүрөм. Үй-бүлөлүү болгондон кийин убакыттын басымдуу бөлүгү үй иштерине, күнүмдүк оокатка кетет. Ал эми эне болгондон кийин дагы башкача жашоо башталат. Балдар кичинекей болгондо бир убакытта көп нерсеге жетишүү кыйын. Бирок, жардам берчү адамдар болсо, ойлогон ойду, максатты ишке ашырууга болот. Менин жашоомдо мага жардам берген адамдарым бар. Бул менин — апам. Мен жумуштарымды бүтүргүчө балдарымды каралашып турат. Анан иштеримди тайм – менежмент прнциптерине таянып, пландуу түрдө бүтүрөм.

— Карьера менен бирге үй-бүлөнү бирдей алып жүрүү маанилүү эмеспи. Сиз бул балансты кантип бирдей кармайсыз?

— Бул мен үчүн абдан маанилүү суроо. Бул суроонун үстүндө бүгүнкүгө чейин изденип келем. Мен эмнени түшүндүм? Көбүнчө биз жыйынтыкка жетсем деп аракет кылат экенбиз. Ошол жыйынтыкка жеткенде өзүмдү бактылуу сезем деген ой бар. Мисалы, жумуштан көтөрүлүп, бир адис болсом же мынча киреше тапсам бктылуу болом деп ойлойт экенбиз. А бирок, жыйынтыктын өзү эмес, ага жетчү жол, процесс маанилүү экен. Ошол эле учурда биз башка бирөөлөрдөн жардам сурагандан тартынбашыбыз керек экен. Мен болсо, кээде жетишпей жатканымда апамдан жана жолдошумдан жардам сурайм.

Каарманыбыз эл адамы гана эмес, эки баланын да мээримдүү энеси

— Эл алдына чыгып сүйлөө боюнча тренингдериңизге көбүнчө айымдар катышат экен. Эмне үчүн деп ойлосуз?

— Жалпы эле семинар жана тренингдерге көбүнчө аялдар келет. Катышуучулардын дээрлик 80% аял заты. Мен бул боюнча деталдуу ойлонуп көрбөптүрмүн. Бирок, табиятыбыздан аялдар руханий баалуулуктарга умтулат экенбиз. Аларды өрчүтүү үчүн биз билимге маани берет окшойбуз. Мен жумушума байланыштуу көп психологдор менен акыркы эки жылда активдүү иштешип келем. Алар менен маектешип жатып, албетте өзүмө кызык болгон суроолорумду да берип жатып бир нерсени түшүндүм. Биздин карьерабыз, киреше, мал мүлк – бул туруктуу эмес экен. Кудай жамандыктан сактасын, бирок керек болсо биздин айланабыздагы бизди колдогон адамдар дагы бир күн жок болуп калат экен. Эң туруктуу нерсе – бул өзүбүз менен болгон мамиле экен. Өзүбүз менен биз канчалык деңгээлде сапаттуу баарлашабыз? Канчалык деңгээлде биз өзүбүзгө көңүл бурабыз? Бизди артка тарткан сапаттар үстүндө кантип иштейбиз? Эң туруктуу нерсе – өзүбүзгө болгон мамиле экен. Ошондуктан, аял заты өзүбүздү өнүктүрүү үстүндө иштешибиз керек. Биздин сырткы дүйнөбүз – ички дүйнөбүздүн гана чагылуусу.

Н. Асылбашева: Тренингдердин басымдуу бөлүгүнө аял заты катышат

— Жалпы эже жана сиңдилерибизге кандай кеп-кеңеш бересиз?

— Негизи үй-бүлө курганда аял заты үчун эң чоң сабактар башталат. Бойдок жүргөндө өзүбүздү гана ойлоп, бир өзүбүзгө кам көрсөк, турмуш курган соң биздин бир башыбыз – беш баш болушу мүмкүн. Биз жолдошубузду дагы, балдарыбызды, кайын журтубузду да ойлойт экенбиз. Ошентип отуруп, өзүбүзгө убакыт калбай калат экен. Өзүбүз үчүн өзүбүз эң акыркы орунда калат экенбиз. Бүгүн коомубузда көпчүлүк аял заты ошондой. Бирок, биринчи орунда биз өзүбүзгө көңүл бөлүшүбүз керек. Биздин жан -дүйнөбүздүн абалы, сулуулугубуз, ден-соолугубуз, маанайыбыз ж.б биз үчүн маанилүү болуш керек. Эмне үчүн? Анткени, аялдын ден-соолугу чың болуп, жан-дүйнөсүндө бактылуулук болсо ошол сезимди башка адамдар менен да бөлүшө алабыз. Жолдошубуз, балдарыбыз, урук-тууган жана жумушубуз. Экинчиден ар бир аялзатында сөзсүз талант тар. Ошол шык, жөндөмүн да өркүндөтүшү керек. Ал шык, жөндөм адамдын өзү менен болгон байланышын өрчүтөт. Өзүнө болгон баасын көтөрөт. Күн бою үй иштерин гана кылып жүрө бербестен, үйдө отурган болсо да талантын өркүндөтүп, ар тараптуу өнүгүшү керек.

 

Касиет Кубанычбек кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1871

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

26

МЕДИКТЕР:

365

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1265

КАЗА БОЛГОНДОР:

20

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1871

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

26

МЕДИКТЕР:

365

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1265

КАЗА БОЛГОНДОР:

20

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...