Түптө Ысык-Көл облустук «Ынтымак» эстафеталык улакчылардын мелдеши болуп өттү. Мелдеште Арык атанын улакчылары мыктылыгын көрсөтүп, Саруулуктарды 5:4 эсеби менен утуп алып, баш байге жеңил унааны утуп кетишти.
Кочкор районунда 2 мультимедиа борбору ачылып жатат. Ачуу үчүн Чолпон айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын демилгеси менен долбоор жазылып, мультимедиа борборуна керектүү жабдуулар алынып берилди.
«Биз биргебиз» аттуу акциянын алкагында Базар-Коргон районунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүү улантылууда.
Ысык- Көл облусу боюнча 285 атасы жок балдарга азык- түлүк таратылды. Азык-түлүктүн кымбаттап турган кезинде 25 кг дан ун, 5 литрден суумай жана күрүч, буурчак, рожки, чай, туз, кант азык-түлүктөрүн …
Куурма чайды ата-бабалар илгертен кадырлап ичип келишкен, бирок учурда бул азык унутулуп бара жаткандай. Азыркы мезгилде чанда гана адамдар куурма чай жасап ичишет. Куурма чай элдик медицинада кубаттандыруучу мүнөз тамак …
Кыргызстанда дары чөп өсүмдүктөрүнүн бир канчасын кездештирүүгө болот. Алардын бири-көкөмерен чөбү.
Caritas France колдоосу менен “Кыргызстандагы, Өзбекстандагы, Армениядагы жана Россиядагы өнөктөштүк аркылуу мигранттардын укуктарын коргоонун натыйжалуулугу” долбоорунун негизинде Каракол шаардык мектептер аралык конкурс болуп өттү.
Бозо – ачкыл ичимдик. Ошол эле учурда бозонун дарылык касиеттери чоң. Тасма айылынын тургуну Зийна Апызопа, бозо бөйрөк ооруларына жакшы, бирок кан басымды көтөрөт дейт билдирүүсүндө.
Кыш мезгилинде Кара-Суу айылында жаштар эс алууну кызыктуу өткөрүп жаткан кези.
Ак-Талаа районундагы мектептерде салттуу окуу башталгандан бери балдар арасында ооруп кайрылгандар болгон эмес. Мындай маалыматты Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гулнара Нуркемелова билдирди.
Ак-Талаа районунда эпидемиологиялык абал туруктуу деген менен илдеттин катталуусу азая элек. Демек дагы да болсо санитардык эрежелерди сактап, бет кап кийүү зарылдыгы бар. Бирок учурда кыш мезгили болгондуктан баш кийим …
Ооган-Талаа жамаатык мультимедиа борбору айылдын элинен сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоодо келе жаткан референдумда коюлуучу үч багыт боюнча пикирлер алынды.
Тогуз-Торо районунда уюштурулган конкурска 3-11-класстарынын окуучулары катышышкан. Анын ичинен сүрөт сынагына 3-6 классынын окуучулары, ал эми көркөм окуу сынагына 7-11-классынын окуучулары катышып, өз күчтөрүн сынашты.
2020-жылы Жалпы республикалык тесттен өтүү үчүн 42 миң абитуриент катталган. Анын 67си алтын сертифкатка ээ болгон. 220 баллдан жогору алган эң алдыңкы тизмектеги бүтүрүүчүлөр kyrgyzmedia.kg өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар …
Ак-Талаа районунда 424 ички жана 184 сырткы мигранттын үй-бүлөсү аныкталган. Бул үй-бүлөлөрдө жалпы 727 бала тарбияланып жатат. Ал эми 14 баланын мыйзамдуу камкорчусу бар. Тилекке каршы алар дагы жөлөк пул …
Жылдардын өтүүсү менен кыргыз салттарынын айрымдары өзгөрүүлөргө дуушар болуп келет. Алардын ичинде жаш жубайлар баш кошкондо шайланчу өкүл ата, өкүл апалар бар. Мурда кимдерди өкүл ата, өкүл апа кылып шайлашкан? …
Нарын районуна караштуу Учкун айылдык маданият үйүнө 100 орундуу жаңы отургучтар алынып келинди. Отургучтарды алууга жана оңдоп-түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнгөн. Мындай шарттардын түзүлүп жатканына айыл жашоочулары …
Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби окуучуларды кабыл алып баштады. Салттуу окууга балдарын жиберген ата- энелер мектепке келип, келишимге кол коюп макулдугун беришкен.
Нарын району боюнча долбоорго 34 мектеп катышып, алардын ичинен 20 мектеп кичи гранттык колдоолорду алды.
Ак-Талаа районундагы орто мектептерде окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту жана диний экстремизмди алдын алуу максатында ата-энелер менен чакан чөйрөдө жыйындар өтүүдө.