16-январда Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында республикалык деңгээлде хоккей оюну боюнча райондун акиминин кубогуна ачык турнир болуп өттү.
Оюнга жалпы 4 команда катышты
Аталган республикалык деңгээлдеги хоккей оюнун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, Дордой ассоциациясы, Кыргызстан айдоочулар союзу жана Ат-Башы Хоккей лигасы менен биргеликте уюштурулган.
Жыйынтыгында Нарын шаарынын командасы 1-орунду багындырган
Оюнга жалпысынан 4 команда: Ат-Башы районунун курама командасы, Нарын району, Нарын шаардык жана Бишкек шаардык командалары катышып, мыкты деңгээлде оюн көрсөтүштү.
Оюндун жыйынтыгында баш байгеге коюлган акимдин кубогуна жана акчалай сыйлыкка 1-орунду камсыздаган Нарын шаарынын командасы ээ болду.
2-орунду Бишкек шаарынын командасы, ал эми 3-орундуАт-Башы районунун курама командасы багындыра алышты.
Мындан сырткары, мыкты оюнчуга атайын Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын кол сааты жана акчалай сыйлыгына Бишкек шаарынын командасынан ойногон Юра Волков ээ болду.
Оюнга Өзбекстандан келген делегаттар дагы күбө болушкан
Хоккей оюнуна КР Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адылбек Сапаров, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Нурбек Сатаров, Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Маразыков Акбар жана атайын алыстан Өзбекстан өлкөсүнүн Фергана районунун өкүлдөрү дагы күбө болуп, расмий ачылышына катышышты.
Аким Нурбек Сатаровго КР Хоккей федерациясынан ыраазычылык кат тапшырылды
Ат-Башы: Көк бөрү оюнунда Өзбекстандан келген коноктор плов басып беришти
Асель Уркунбаева