Бүгүн 2-февралда Суусамыр айылдык маданият үйүндө жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берилди. Мекеме жетекчилер, жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөт башчысы аткарылган иштер боюнча отчеттор берилди. Айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиев бюджет боюнча маалымат берди.
Солдон-оңго: Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев жана жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов
Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Талгарт Жээнтай уулу айыл аймакта катталган кылмыш жоруктар тууралуу маалымат берди. Андан тышкары, мал бактыруу үчүн Бишкектен алып келип жаткан койчуларга көзөмөл кылууга чакырды.
Суусамыр айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова коронавирус илдети дагы эле күч алып жаткандыгын баса белгилеп, туура тамактануу таза абада көп жүрүү керек экендигин баса белгиледи. Андан тышкары, айылдык ооруканага алынып келинген тез жардам унаасы келгендигин айтып, унаанын ичи бардык талаптарга ылайык жасалганын айтты. Жана бул унаа алыскы жолго оор абалдагы адамдарды Карабалта, Бишкекке алып баруу үчүн колдонула тургандыгын баса белгиледи.
Суусамыр айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова
Жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов жергиликтүү кеңеште 43 отурум болгондугун, эми 2 отурумдан кийин жергиликтүү кенештин 6- чакырылышындагы укуктары жана милдеттери аяктарын белгиледи. Жана келе жаткан жергиликтүү кеңешке апрель айында шайлоо болорун жана жалпы 22 депутаттын 30%ы сөзсүз айымдар болуусу керектигин жана элеттеги активист айымдарды колдоого чакырды.
Суусамыр айылынын имамы Талант Төрөкулов мечитке чогултулган битир садага тууралуу маалымат берди. Андан тышкары, 1- февралда жаштар тарабынан демилгеленген спирт ичимдиктерин дүкөндөрдө сатууну токтотуу демилгеси тууралуу токтолуп, жалпы элди көмөк көрсөтүүгө чакырды.
Жыйындын катышуучулары
Айыл тургундары тарабынан таштандыны сууга төгүлүп жатканы, Компаньон банкынын филиалы жабылып калганына байланыштуу, айлык акыларды жана песияларды ала албай жаткандарга оор болуп жатканын билдирди.
Айыл Банктын кызматкери Максат Сейткулов, банкомат ачуу чыгымдуу экенин айтып, көчмө касса уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты.
Айыл банктын кызматкери Максат Сейиткулов
Жол маселеси айтылып, Суусамыр айылынан Бишкек-Ош жолуна чейин жасалса деген ойлорун айтышты.
Айыл тургуну жайыттарга баруучу көпүрөлөр тууралуу маселени көтөрдү
Жайыттарга баруучу көпүрөлөргө шагыл төгүү маселеси көтөрүлдү. Аукционго коюлган жерлерге баалар эмне үчүн кымбат болуп жатканын сурашты. Айыл өкмөт башчысы жалпы мамлекеттик деңгээлде мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканы боюнча түшүндүрмө берди.
Суусамырда быйыл кыш жеңил өтүүдө
Азиза Тамчиева