Ак-Талаа районунда 2020-жылдагы аткарылган иштер боюнча жыл жыйынтыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Жыйында жылдын мыкты мекемеси, айыл өкмөтү, бала бакча, мектеп аныкталды. Жыйынга мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Мурда маалым болгондой коомдук уюмдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия документтерди кабыл алып, алар жобого ылайык жасалган иштер менен таанышып чыгышкан.
«Мыкты айыл өкмөтү» номинациясында:
1-орун Баетов айыл өкмөтү, 10 миң сом акчалай сыйлык, диплом жана «Өтмө Кызыл Туу»,
2-орун Кош-Дөбө айыл өкмөтү диплом жана 5 миң сом,
3-орун Ак-Тал айыл өкмөтү диплом жана 3 миң сом менен сыйланды.
1-орун Баетов айыл өкмөтү
2-орун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнун башчысы(оңдон биринчи), 3-орун Ак-Тал айыл өкмөтү
Ал эми «Мыкты мекеме» сынагында:
1-орун райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырылып, диплом жана 10миң сом сыйлык жана Өтмө Кызыл Туу,
2-орун Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгы ,
3-орун Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк медицина борбору, диплом
жана 3миң сом
«Мыкты мекеме» 1-орун Райондук билим берүү бөлүмү
2-орун Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгы
3-орун Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк медицина борбору
«Мыкты мектеп» сынагында Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектеби. Диплом жана 5 миң сом менен
«Мыкты мектеп» Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектеби болду
«Мыкты бала бакча» Жаңы-Талап айылындагы «Бөбөктай» бала бакчасы диплом жана 5 миң
сом
«Бөбөктай» бала бакчасы «Мыкты бала бакча» болду
«Мыкты коомдук уюм» сынагында «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмеси 2 миң сом
«Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмеси «Мыкты коомдук уюм» наамын алды
«Мыкты айыл өкмөт башчысы» –Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Ильичбек Иманалиев,
«Мыкты мекеме жетекчиси» наамы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Улан Казиев.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырууда Ак- Талаа райондук администрация башчысы Сейтек Кулубаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү:
«Өткөн жыл жалпы өлкөбүз үчүн оор жылдардан болду. Албетте, жыл жаманы жок. Бирок ошентсе дагы райондун эли пандемияда жапа тырмак жардам берип, бири-бирибизге колдоо көрсөттүк. Четте карап калган адам болгон жок. Сыртта жүргөн мекендештер дагы жардамдарын аяшкан жок. Ынтымакта, биримдикте абдан көп иштер жасалды. Баарыбыз бир адамдай эмгектенип, райондун өнүгүшүнө салымыбызды кошо берели».
Андан соң пандемияда эл кызматында болгон дарыгерлерге, коомдук уюмдун өкүлдөрүнө, ыктыярчыларга, атайын кызматтын өкүлдөрүнө райадминстрациянын ыраазычылык кат, «Саламаттыкты сактоонун мыктысы» төш белгилери тапшырылды.
Үй-бүлөлүк медицина борборуна 10миң сом жана ыраазычылык кат тапшырылды
Райондук ички иштер башкармалыгына ыраазычылык кат берилди
Ал эми аймактык ооруканага, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна акчалай сыйлыктар берилди. Мындан сырткары, 32 жаранга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды.
Жыл жыйынтыгына арналган салтанаттын байге фонду 90 мин сомду түзгөн. Бул каражаттын 40 миң сомуна жеке ишкер Максат Ибраимов демөөрчүлүк кылган.
Эскерте кетсек, Ак-Талаа райондук билим берүү «Мыкты мекеме 2019» дагы жеңип алган.
Акталаада “Нота” фестивалынын тушоо кесүү мааракеси болду
Барчын Мамытбекова