Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баалар өсүүдө. Көпчүлүгү ашкере кымбаттап, жарандардын жеке бюджетине терс таасирин тийгизүүдө. kyrgyzmedia.kgнин журналистери эт сатып алуу үчүн бир айда канча күн иштөө керектигин эсептей турган калькулятор түздүк. Андан тышкары, жарандар азык-түлүк менен үй бүлөсүн канчалык деңгээлде камсыздай ала тургандыгы тууралуу баарлаштык.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2020-жылы орточо айлык акы 18 миң сомдон бир аз жогору болуп, ар бир кыргызстандык айына болжолдуу 2 кг эт керектейт.
Орточо эмгек акы алып, бир айда 2 кг эт жеген кыргыз жаранын элестетип көрөлү. Ал керектүү көлөмдөгү продукцияны сатып алуу үчүн бир жумуш күнүн толук иштөөсү керек. Ушул эле учурда көпчүлүк жарандардын бүтүндөй бир үй-бүлөнү эт менен камсыз кылаарын эске алып, аймактардагы эмгек акынын төмөндүгүн эсептегенде, анда бир эле азык-түлүк сатып алуу үчүн жарандарга бир нече күн иштөөгө туура келет.
Балыкчы шаарынын тургуну Темирлан Абдраев
Балыкчы шаарынын тургуну Темирлан Абдраев беш кишиден турган үй-бүлөгө эт үчүн акча жетишсиз экендигин моюнга алат. Себеби, башка азыктарды сатып алуу үчүн дагы аз эмес каражат коротулат.
“Менин бир айлык кирешем 20 миң сом. Ачыгын айтканда, азык-түлүк алып жатып, этке акча жетпей калат. Анткени, азыр көпчүлүк нерсе кымбаттап кетти. Анын арасында эт дагы бар. Учурда Балыкчыда эттин баасы 470сомдон жогору болуп жатат. Эптеп, айылда мал болуп калса союп келгенге аракет кылып жатабыз. Аны карызга алабыз. Биз үнөмдөп жегенде бир айга минимум 10 кг эт керектелет. Мурда 20 кг чейин эт алчубуз”, — дейт Темирлан мырза.
Бишкек шаарынын тургуну Турар Жумалиева
Бишкек шаарынын тургуну Турар Жумалиеванын үй-бүлөсү дагы этти азыраак көлөмдө керектөөгө аргасыз болушкан.
“Азыр эттин баасы кымбат болуп жатса дагы, айла жок сатып алууга туура келет. Мен учурда кичинекей балабыз менен үйдө отурам. Жолдошум иштейт. Бир айлык кирешебиз 20 миң сомдон жогору. Бирок, анын барынын орду бар. Анткени, батирде турабыз. Мурда 15 кг чейин эт сатып алсак, азыр айына 5-6 кг тегерегинде алып жатабыз. Кыйналсак дагы, балдар үчүн алабыз да”, — деген ою менен бөлүштү ал.
Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну Керээз Шейшеналиева
Керээз Шейшеналиева Нарын облусунун Жумгал районунда жашайт. Туруктуу кирешенин жоктугунан, алар ар дайым эле эт сатып ала алышпайт.
“Биздин айылда эттин баасы 430 сом. Айына 10 кг чейин эт алабыз. Мен өзүм иштебейм, 3-группадагы майыптыгым бар. Жолдошумдун дагы туруктуу жумушу жок. Анда-санда жумуш боло калса иштеп калат. Ошондо эт алабыз. Анан менин пенсиямдан коротулат. Кээде жолдошум иштебей үйдө болуп калса, этсиз деле калган күндөр болот”, — деп билдирди Керээз айым.
Тамак-аш рационунда эт эң маанилүү азыктардын бири. Өкмөттүн негизги азык-түлүктү керектөө ченемине ылайык, ар бир кыргызстандык айына 5 кг эт жеши керек. Бирок акыркы 30 жыл ичинде көрсөткүчтөр бир да жолу мындай мааниге жеткен эмес. Тескерисинче, кыргызстандыктар этти дээрлик эки эсе аз жей баштаган.
Азык-түлүктүн баасы барган сайын кымбаттап, ай сайын сапаттуу тамак-аш сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөлөрдүн саны азайып баратат.
Калькулятор кантип иштейт:
Улуттук статистика комитетинин сайтынан Кыргызстандын 14 шаарындагы 2021-жылдын февраль айына карата кой, уй, жылкы эттерине болгон баалар тууралуу маалыматтарды таптык:
— Бишкек
— Ош
— Каракол
— Жалал-Абад
— Нарын
— Баткен
— Талас
— Токмок
— Балыкчы
— Токтогул
— Исфана
— Кара-Суу
— Өзгөн
— Кара-Балта
Ош, Токтогул, Исфана, Баткен, Балыкчы шаарлары боюнча жылкы этинин баасы тууралуу маалыматтар жок болгон. Мындан улам,биз аларга жакын шаарлардагы баалардын негизинде орточо маанини чыгардык. Тактап айтканда, Ош шаарындагы жылкы этинин баасын алуу үчүн биз Кара-Суу жана Өзгөн шаарлары боюнча маалыматтарды, Токтогул шаары үчүн Жалал-Абад жана Кербен, Балыкчы шаары үчүн Жумгал районунун Чаек айылындагы жана Каракол шаарындагы, Исфанадагы бааны Ош жана Ноокат шаарлары, Баткен шаары үчүн Ноокат жана Исфана шаарларындагы маалыматтардын негизинде орточо бааны алдык.
Андан кийин, биз маалыматтарды киргизүү функциясы бар калькуляторду түздүк. Ал колдонуучудан төмөнкүдөй маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет:
— жашаган жери
— бир айлык кирешеси
— ай сайын сатып алуунун көлөмү:
1. кой эти
2. уй эти
3. жылкы эти
Андан кийин формуланы калькуляторго орноттук:
((K×Х)+(L×Y)+(M×Z))÷(N÷22) = A
демек:
Х — кой этинин баасы,
Y – уй этинин баасы,
Z – тандалган аймакка жараша жылкы этинин баасы;
K — кой этин сатып алуунун бир айлык көлөмү,
L — уй этин сатып алуунун бир айлык көлөмү,
M — жылкы этин ай сайын сатып алуу көлөмү;
N — эмгек акы;
22 — бир ай ичиндеги эмгек күнүнүн орточо көрсөткүчү. Бир жумада 5 күн, ар бир күн 8 сааттан эмгектенген адам бир жумада 40 саат иштейт.
Ошентип, бир айда этке сарпталган сумманы 1 күндүк эмгек акыга бөлгөндө, биз А — эттин бир айлык чыгымын жабуу үчүн колдонуучунун иштеген күндөрүнүн санын алабыз.
Авторлор: Касиет Кубанычбек кызы, Зыйнат Самар кызы, Назигүл Жусупова