Жамааттык Медианын редакциясы Lalafo.kg сервисинин маалыматтарынын негизинде кыймылсыз мүлккө канча жыл акча топтооруңузду аныктай турган калькулятор түздү. Анын жардамы менен кыялыңыздагы турак жай үчүн канча жыл каражат чогулта турганыңызды билип алыңыз.
Орточо эмгек акысын (18500 сом) алып, күнүмдүк керектөөгө эң аз 6000 сом акча коротуп, калган каражатын турак жай сатып алууга топтогон кыргызстандыкты элестетип көрөлү. Өлкөдө орто эсеп менен бир бөлмөлүү квартира 1,5 миллион сомго бааланат. Демек, бул каражатты топтоо үчүн орточо эмгек акы алган кыргыз жаранына 10 жылга чейин убакыт керек болот. Бирок, бул убакыт аралыгында каарманыбыздын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны да турак жайга болгон баа дагы жогорулайт. Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин баа индексине ылайык, акыркы 5 жылда Кыргызстанда квартиранын бир чарчы метринин орточо баасы 35% га, ал эми жер тамдын баасы — дээрлик 30% га өстү.
Каатчылыктын шартында турак жайга ээ болуу барган сайын татаалдашууда. Айлык маянадан гана киреше келе турган болсо анда турак жай сатып алуу көп жылдардан кийини гана ишке ашат. Бул аралыкта, турак жай аянтынын баалары дагы, муктаждыгы дагы көбөйүшү мүмкүн. Ал эми сиз турак жай үчүн канча жыл каражат топтоону пландап жатасыз?
Lalafo.kg сервиси төмөнкү 19 шаардагы квартиралардын жана жеке үйлөрдүн бөлмөлөр боюнча орточо баасы жөнүндө 2021-жылдын февраль айындагы маалыматтарды бөлүштү:
Маалыматта аталган конуштардагы квартиралардын ошондой эле жеке турак жайлардын баасы тууралуу эки маалымат топтому болгон. Баалар доллар менен көрсөтүлгөндүктөн, биз 2021-жылдын 31-мартындагы 1 доллар 84,77 сомго бааланган курсту колдонуп, сомго котордук.
Маалыматтар толук болбогондуктан, тактап айтканда Ноокат, Баткен, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Майлуу Суу, Кемин шаарлары боюнча көп кабаттуу квартиралардын баалары жөнүндө маалымат жок болгондуктан, биз аларга жакын шаарлардын маалыматтарынын негизинде орточо бааны чыгардык. Ошентип, Ноокат шаарындагы батирлердин баасын алуу үчүн биз Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча маалыматтарды, ал эми Кызыл-Кыя жана Өзгөндөгү бааны билүү үчүн Ош жана Ноокат боюнча маалыматтарды пайдаландык. Ал эми Майлуу Суу шаарындагы маалыматты алуу үчүн Жалал-Абад жана Өзгөн шаарлары, Кемин үчүн Кант жана Токмок шаарынан алынган маалыматтар колдонулду.
Ушундай эле жол менен, биз Өзгөн, Баткен, Майлуу-Суу, Ноокат, Чолпон Ата, Кайыңды шаарларындагы жеке үйлөр боюнча жетишпеген маалыматтарды таптык.
Андан кийин, окурман турак жай сатып алуу үчүн айына канча сом топтоого даяр экендиги жөнүндө маалыматтарды киргизиши керек болгон калькуляторду түздүк.
Мындан соң төмөндөгү формула калькуляторго орнотулду:
А ÷ (Fx12) = B
Демек:
А — калктуу конуштардагы кө кабаттуу үйдөгү квартиралардын же үйдүн наркы,
F — колдонуучу айына үнөмдөй алу турган сумма,
12 — бир жылдагы айлардын саны.
Ошентип, турак жайдын баасын бир жылга топтолгон суммага бөлүп, биз В — жарандар кыялындагы турак жайды алуу үчүн каражат топтой турчу жылдардын санын алабыз.
Авторлор: Назигуль Жусупова, Касиет Кубанычбек кызы, Зыйнат Самар кызы
Эсептеңиз: Эт сатып алуу үчүн сиз бир айда канча күн иштешиңиз керек?
8-мартка 8 суроо: Кыргызстан аялдары жөнүндөгү билимиңизди текшериңиз