Акыркы жылдары ата-энелер билимге инвестиция кылууга көбүрөөк маани берип келет. Ошол эле учурда Кыргызстанда чет өлкөдө билим алууга жол көрсөткөн бир катар компаниялар бар. Алардын бири “Ask Consulting” компаниясынын негиздөөчүлөрү Акыл Чаткалбай кызы жана Аскат Кубанычбеков чет өлкө билим алуу тууралуу маек курушту.
“Ask Consulting” компаниясы аркылуу Гарвардда өтө турган БУУ уюштурган дебаттарга катышуу үчүн барган окуучулар, 2020-жыл
— Акыл, Аскат саламатсыздарбы? Алгачкы эле суроом сиздердин компания аркылуу канча адам чет өлкөгө окууга кетти?
Аскат Кубанычбеков: Биз өзүбүз мектепти бүтүргөн соң, чет өлкөдө окуп, көп жыл жашап, билим жана тажрыйба алып келдик. Азыркы учурда биздин 4 филиалыбыз бар. Басымдуу бөлүгү жаңы ачылды. Бишкектеги кеңсебиз аркылуу жылына 600гө чейин окуучуну чет өлкөдө билим алууга кетет. Негизи көп эле компаниялар кетирет. Биз жөн эле университетттерге эмес, эң алдыңкы окуу жайлар жана өлкөлөргө жиберүүгө аракет кылабыз.
— Учурда чет өлкөдө билим алууну каалагандар кайсы өлкөлөрдү тандап жатышат жана сиздер кайсы мамлекеттерге багыт берип жатасыздар?
Аскат Кубанычбеков: Негизи эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда жаштар өнүккөн өлкөлөргө кетүүнү каалаган тенденция бар. Ал өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Европанын алдыңкы өлкөлөрү болгон Германия же болбосо Италия турат. Биз эң көп Америкага жиберебиз. Андан кийинки орунда Европа.
Акыл Чаткалбай кызы Жамааттык Медианын «Элсобол» программасында түз эфирде
— Азыркы учурда жаштара арасында кайсы кесип актуалдуу болуп жатат?
Акыл Чаткалбай кызы: Негизи бизде өспүрүмдөр кесиптерди көп билишпейт. Көпчүлүк учурда 5-6 эле кесип менен чектелип калышат. Анткени, мектеп бүтүрүүчүсү 18 жашка эми толуп жатат жана көп нерсени билбеши мүмкүн. Бирок, дароо эле кесип тандашы керек. Бизге консультацияга келгенде акыркы жылдары актуалдуу болуп жаткан жана алдыңкы 10 жылда суроо-талапка ээ болчу кесиптер тууралуу сүйлөшөбүз. Илгери ата-энелер көбүнчө медицинаны танда деп үгүттөшсө, азыр көбүнчө IT тармагын, ал эми математикалык билими начарыраак болгон балдар менеджмент, маркетинг, архитектура, дизайнга ыктап жатышат.
— Келе жаткан 10 жылда кайсы кесиптер актуалдуу болот?
Акыл Чаткалбай кызы: Бул албетте баланын тандоосуна жараша жана кайсы өлкөгө бара тургандыгынан көз каранды. Анткени, башка өлкөдө окуп келем десе илимдерди изилдесе бул абдан жакшы нерсе. Бирок, чет өлкөдөн билим алып келип, Кыргызстанда ошол багытта иштейм десе керектүү шарт жок болуп калышы ыктымал. Ошол себептен, учурда дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү болгон компьютердик инженерияны тандап жатышат. Ошону менен катар дизайн тармагы дагы алдыңкы 10 жылда өнүгүүчү тармактардын бири.
— Кыргызстандан тышкары, Казакстан жана Өзбекстанда сиздердин компаниянын филиалдары бар экен. Алгач Кыргызстанда ачылсаңыздар керек?
Аскат Кубанычбеков: Ооба, биз 2019-жылы Кыргызстанда ачылганбыз. Түштүк Кореяда окууну жаңы бүтүрүп, АКШда тажрыйба топтоп жүрүп Кыргызстанга келдик. Ошондо окууну жаңы бүтүрдүк, колубуздан кайсы иш жакшы келет деп ойлондук. Өзүбүзгө анализ кылсак, биз ошол куракка чейин окуп эле келиптирбиз. Биз сыяктуу чет өлкөдө билим алып, тажрыйба топтоп кайра өз өлкөмө келип, кызмат кылам деген жаштарга жол көрсөтө алат экенбиз. Ошентип, Бишкекте алгачкы кеңсебизди ачтык. Бирок, кеңсе дароо эле биздин көз алдыбыздагыдай боло калган жок. Ага чейин кардарлар менен жолугууну кофеканалардан баштаганбыз. Алгачкы 3 баланы Америкага, 2 баланы Түштүк Кореяга окууга жөнөткөн соң, ишибиздин ийгилигине ишеним артып, кеңсебизди ачтык. Учурда биз Ташкентте жашап, иштейбиз. Казакстанда дагы филиалыбыз ачылып, толук кандуу иш жүргүзүүдө.
Аскат Кубанычбеков Жамааттык Медианын «Элсобол» программасында түз эфирде
— Чет өлкөдө билим алууну каалаган аймактагы жаштар дагы бар. Алар менен жолугуу мүмкүнчүлүгү сиздерде барбы?
Аскат Кубанычбеков: Биз жаңы келгенде ушул максат менен келгенбиз. Биздин өлкөдө байлар менен кедейлердин ажырымы күндөн-күнгө ачылып келе жатат. Байлар байып, ал эми карапайым калктын биринчи муктаждыктарына дагы каражаты жетпей келет. Биз байлардын балдарын окууга жөнөтүп, алар төлөгөн акчага алыскы аймактардагы билимге ынтызар бирок, акча каражаты кыстап турган балдарды чет өлкөдө билим алууга жөнөтөбүз деп ойлодук эле. Мен өзүм Нарындын Ат-Башы районунан болом. Биз жогорудагы максатыбыз менен аймактагы мектептерге бардык. Алар абдан жакшы кабыл алат. Ал эми шаардагы мектептерге мындай иш-чаралар көп болуп, алар тажап калышкан. Бизди мектептин ичине киргизүүнү каалабайт. Бирок, аймактагы мектептер дароо эле чет өлкөдө билим алууга даяр эмес. Англис тили гана эмес, башка предметтик билим дагы төмөнүрөөк…
— Акыл, чет өлкөдө билим алуу үчүн сөзсүз түрдө мектептеги предметтерди жогорку деңгээлде билүү керекпи?
Акыл Чаткалбай кызы: Жок, андай деле эмес. Айыл жергесинен деле бакалаврды башка өлкөлөрдө бекер окуу үчүн кетип жаткандар бар. Ошол эле учурда англис тилин билбей же чет өлкөдө окууга кетүү мүмкүнчүлүктөрүн билбей калып, Кыргызстанда бакалаврды окуп туруп, магистратураны чет өлкөдө окуу үчүн көздөрү ачылып кеткен жаштар абдан көп. Бизде азыр Италияда билим алуу абдан актуалдуу болуп жатат. Кыргызстандан биз аркылуу 104 бала бюджеттик негизде билим алууга өтө алышты. Албетте, англис тилин базалык негизде билиши керек. Бирок, жогорку деңгээлде билүүнү талап кылбай калышты. Стипендиянын дагы түрлөрү бар.
Американын белгилүү «Times Square» аянтындагы көз ирмемдер. Сүрөттө “Ask Consulting” компаниясы аркылуу АКШга барган окуучулар жана компаниянын негиздөөчүлөрү
Касиет Кубанычбек кызы
Психолог: Максаттарыңыздын жол картасын түзүңүз
Студенттин ийгилиги: Президенттик стипендияга эки жыл даярдандым