Учурдагы күйүүчү майлардын кымбатташы айдоочулар арасында эле эмес, жүргүнчүлөр арасында да көйгөйлөрдү жаратууда. Себеби, күйүүчү майлардын кымбатташы менен жол киренин баалары да күндөн- күнгө өсүүдө.
Ар бир таксист өзүнүн кезегин күтүп, жүргүнчүлөрдү салып кетишет
Дамир (аты өзгөртүлдү) көп жылдан бери таксист болуп, үй-бүлөсүн каржылап келет. Таксист болуп иштеп калганына жогорку билиминин жоктугу себеп болгон. Дипломунун жоктугуна азыркы учурда аябай өкүнөрүн айтты:
“Менин жогорку билимим болсо таксист болбойт элем да. Дипломдун жоктугунан улам иштеп келем. Үй – бүлөнү багышым керек. Азыр таксист болуп деле натыйжалуу акча табууга мүмкүн болбой калды. Май кымбат, унаа тектиктери андан кымбат. Күнүнө 600 сомго май куям, кээде күнүмдүк майдын акчасы да чыкпай калат. Жүргүнчүлөр деле көчө таксилерине көп түшпөй калышты. Арзан маршруткаларды күтүп тургандарын көп байкайбыз. Чындыгында аларды деле туура түшүнүшүбүз керек, эч кимде деле ашык акча жок азыр. Азык-түлүктүн баасы бензин менен жарышып, көтөрүлүп жатат.
Пенсия, жөлөк пул учурдагы кымбатчылыкта аз эле акча болуп калды. Толук кандуу, бир айга жеткидей азык—түлүк алууга жетпейт. Ковид илдети ушунун баарына таасирин тийгизип жатабы, себебин билбейбиз. Бирок карапайым элдин капчыгына таасири өтө чоң деп түшүнөм.
Мектепте окуган төрт балам бар. Аларга жума сайын жугушсуздандыруучу каражаттарды, бет каптарды, нымдуу кол аарчыларды алып берип жатабыз. Ар бир балага болжолдуу 150 сомдун тегерегинде соода кылам. ”
Азыркы учурдагы күйүүчү майлардын жана газдын баасы. Башка май куйуучу жактарда бааларда айырма болушу мүмкүн.
Акылай Алмазбекова