Кулатов айыл өкмөтүндө 2021-бөлүнгөн бюджеттен ашкан 22млн сом бар. 2022-жылы бюджеттен 36млн сом бөлүндү. Анын көпчүлүк бөлүгү бала бакча, мектеп, жана ФАПтарга бөлүндү.
Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештин депутаты Ибрагимбек Мадалиев
Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештин депутаты Ибрагимбек Мадалиев:
«2021-жылы айыл өкмөттүн бюджеттик ишмердүүлүгү канааттандырарлык болду.
2021-жылы аткарган иштерди жакшы деп эсептейбиз. Өзүбүзгө белгилүү болгондой бала бакча, мектеп, ооруканалардын баарын көзөмөлдөп чыкканбыз. Тендерден бөлүнгөн акчаларды канчалык туура пайдалангандыгын, муктаждыктарын көрүп бюджетти бөлдүк.
2021-жылдан ашкан 22млн сом акча калган. Бала бакчаларга, мектептерге бөлүнгөн акчалардын 22млн сом калды. 9-сессияда 36млн сомду бөлүштүрдүк. Салыктардан түшкөн акча биригип 36млн сом болуп, иш чараларга бөлдүк.
2022-жылдан баштап бюджет тууралуу 2 сессия өттү. Айыл өкмөттө сессия өткөрүлүп, өкмөт башчы Данияр Көчкөнов бюджет тууралуу жылдык отчетту берди.
2022-жылы ар бир айылдарга долбоорлорду ишке киргизүү пландар бар. 2022-жылы бюджеттен 91млн сом бөлүндү. Анын ичинен бала бакчаларга, мектептерге, жумшалды. Калган акчалар айыл ичиндеги көйгөйлөргө сталба, шагыл, ички көчөлөргө жумшалды жана дагы спорт комплекстерине бөлүндү.»
Чынара Көчкөнбаева