24-мартта Кочкор районунун Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейде «Кургак учуктан сактаналы» аттуу семинар болуп өттү. Өтүлгөн семинарга Кара- Тоо айылынын участкалык врач терапевт Каным Иманалиева жана БИИнин аймактын тергөөчүсү милициянын майору Гулмира Касымкулова, окуу жайдын медайымы, мугалимдер, устаттар, окуучулар катышты.
Семинарда окуу жайдын окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айзат Жумалиева «Кургак учуктан сактануунун жолдору» жөнүндө презентация көрсөттү.
Презентация учуру
Врач Каным Иманалиева оорунун жугуу жолдору жана сактануу боюнча лекция өттү.
Лекция убагы
Кочкор райондун «Кызыл жарым ай» коомунун мүчөсү Роза Иманкулова кургак учук оорусунун жайылуусунун алдын алуу боюнча жүргүзгөн иш аракеттери боюнча түшүндүрүп, оору тууралуу маалыматтарды айтып берди.
«Кызыл жарым ай» коомдун мүчөлөрү
«Кургак учук токтосун!» «Кургак учуктан сактаналы!» деген ураандын астында окуучулар тарабынан плакаттар илинди.
Акция учуру
Медина Турдубекова