Кочкор районунда «Энелер шаңы» деп аталган шайыр апалардын тобу түзүлгөнүнө 5 жылдын жүзү болду. Бул убакытта шайыр апалар көп жерлерге барып өз өнөрлөрүн көрсөтү, байгелүү орундарга ээ боло алышты.
Элмира Ниязалиева
«Энелер шаңы» этнофольклордук ак элечек энелердин тобунун жетекчиси Элмира Ниязалиева. Алгач топ жөнүндө сөз кылгандан мурун өзүн тааныштыра кетти:
«Мен-Ниязалиева Элмира Кеңешовна. 1961-жылы 27-апрелде төрөлгөм. Шайыр апалар тобунун жетекчисимин, Кыргыз республикасынын Элге билим берүүсүнүн отличниги төш белги, ошондой эле, жылдын мыкты инсаны деген төш белги, Кыргыз Республикасынын Ардактуу айымы наамына ээ болгом, айылдык кеңештин мүчөсүмүн, Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп эмгектенем»,- деп өзүн тааныштырып, топ жөнүндө кененирээк маалымат берди:
«Топто 8 апа бар. Элмира Ниязалиева-топтун жетекчиси. Мүчөлөрү: Кабира Бекбердинова, Салкын Султанбаева, Атыркүл Каскеева, Айна Акматова, Күкүн Мамырбаева, Айна Калпакова, Курманбүбү Сакиева.
Апалардын эң улуусу 74 жашта, апалардын эң жашы 53 жашта
Эң биринчи мугалим теңтуштардын арасында «Достор» тобу деп түзүлгөнбүз, андан кийин шайыр апалардын тобун түздүк.
Биз айылга, Кочкордун ДК сында, КТРК да, Пирамида каналында, СТВ каналында, Нарын телевидениесинин, ЭлТРде, Нарында Шырдак фестивалында, Кызыл-Таш жайлоосунда кымыз фестивалында, Гала концертте Чоң-Сары-Ойдо, Өрнөктө, Бишкектеги Түндүк Электродо, Турциядан Стамбулда, Афьон-Карахисар шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин Эл аралык конкурсунда, кафелерде, тойлордо, айылдагы иш-чараларга катышып көп ийгиликтерди жараттык.
2019-жылы Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаарында жана Чоң-Сары -Ой, Өрнөк айылдарында өткөрүлгөн гала- концертке катышканбыз. Ушул жерде шайыр апалардын Республикалык 3- айлампасынын жыйынтыгы өткөрүлгөн.
Ошондой эле шайыр апалар менен Түркияга да барып келдик. Ал жакта фестиваль болуп, Стамбулда 2 күн, Афьон-Карахисар шаарында 3 күн болдук, фестиваль 5 күнгө созулуп, кечкисин ырларыбызды ырдап жакшы ийгиликтерге ээ болуп кайттык.
1-2-мартта «Көктөм-2022» деп аталган түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык онлайн конкурсу болду. Биздин «Энелер шаңы» этнофольклордук ак элечек шайыр апалар тобу 1-орунга ээ болдук.
Филармонияда, жалпы Кочкор районунун шайыр апалары
Жакында 27-мартта Филармонияда «Кочкор өрөөнүнүн өнөрпоздору» аттуу концерт болду, барып ырдап келдик.
«Жети дубан» кийиз бийи
Биз Кочкор районунан чыккан, республикалык 3-айлампага катышкан «Энелер шаңы» этнофольклордук ак элечек шайыр апалары буга чейин көп ийгиликтерди жарата алдык. Буйруса дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратабыз деген үмүттөбүз, кыргыздын салтына ылайык келген, кыргыздын маданиятын көтөрө турган, илгерки ак элечек, белдемчи ж.б. кыргыздын кийимдерин кийип, кыргыздын маданиятын алга сүрөгөнгө аракетибизди жумшай беребиз. Бир гана ырдап жүрө бербестен үйдө неберелерибизди карап, үй кожойкеси болуп да жетишебиз. Биз бул ийгиликтерге бири-бирибизди түшүнүп, улуубуз кичүүбүздү, кичүүбүз улуубузду сыйлагандыгыбыз үчүн жетишип жатабыз деп ойлойм», — деп сөзүн жыйынтыктады.
Алия Токтобекова