Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтуна кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү, дары-дармектерди булчуңга саюу жана парентералдык колдонуу үчүн окуу манекендерин, контактсыз термометрлерди, пульсоксиметрлерди, концентраторлорду жана компьютердик техниканы тапшырды, жардамдын жалпы суммасы 39 929 АКШ долларын түзөт.
С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун «үй-бүлөлүк медицинадагы медайымдык иш» кафедрасынын бѳлүм башчысы Гульжахан Пирназарова тапшырылган окуу куралдары институттун аймактардагы «үй-бүлөлүк медицинадагы медайымдык иш» бардык кафедраларына таратыларын билдирди:
«Алынып келинген куралдар окутууга ынгайлуу жабдуулардын баары стандарттык талаптарга жооп берет. Биз ДССУга 2021-жылы жабдууларга муктаждыгыбызды билдирип кат менен кайрылганбыз. Буга чейин дагы тиешелүү окуу куралдары тапшырылган.»
Бул жардам Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсеси тарабынан 2018-жылдан 2021-жылга чейин саламаттык сактоонун кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине техникалык колдоо көрсөтүп келген «Ден соолук үчүн иштөө» программасынын алкагында көрсөтүлгѳндүгүн ДССУнун маалымат катчысы кабарлады.
Айгерим Кубатбекова