«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн кеңсесинде 4-апрель күнү жеринен документ бүтүрүү иши уюштурулду. Райондун борборунан келген Калкты Тейлөө Борборунун адистери бүгүн бир нече маселелерди жеринен чечип, айрым адамдарга документ тапшырышты.
Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери мамлекет тарабынан берилген буйруктун негизинде райондон алыс жайгашкан айылдарды кыдырып, документ маселесин чечип берүү үчүн сапарга чыгышкан. Биргелешкен бул топ 4-апрель күнү Төлөк айылынын тургундарын кабыл алуу менен башташты. Бул айылды бүткөн соң коңшу айылдарга барып, ал жакты да кабыл алары белгилүү болду.
«Төлөк айылынын тургундары бүгүнкү кабыл алууга активдүү келишти. Бул айылга келүүбүздүн себеби: элдерди убара кылбай жергиликтүү калкты жашаган жеринен кабыл алып, документ маселесин чечип берүү», -дейт Жарандык абалдык актыларды каттоо жана калкты паспорттоштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Динара Расулбек кызы.
Калкты тейлөө борблорунун кызматкерлери
Айыл тургундары бүгүнкү тейлөөгө туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, паспорт, ОМС алуу үчүн кезекке турушкан. Булардан сырткары фамилия өзгөртүп, жаңы күбөлүк алабыз дегендер да бар. Бул тейлөөдө 19 адамга документ маселеси чечилип берилсе, 10дон ашык адамга консультациялар берилди.
Нурбек Кенжебек уулу паспорт алууга келген
Нурбек Кенжебек уулу 16 жашка толгон, районго белгилүү себептерден улам барып паспорт ала албай жүргөн. Бүгүнкү тейлөөгө келип паспорт алууга шарт түзүп берген өкмөт кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.
Тейлөө иши жыйынтыкталып, коңшу айылга жөнөп кетишти
Бүгүнкү тейлөөдө кезеги жетпей калып, документтештирүү иши бүтпөй калган жарандар да бар. Алар мындай тейлөө иши айылга дагы келсе деп тилек кылышат.
Айбийке Касымбекова