Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022- жылы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган. Президенттин жарлыгынын алкагында «Жашыл мурас» өнөктүгүнө ылайык Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде жашылдандыруу иш- чаралар башталды.
Жашылдандыруу иштеринен кийинки көрүнүш
Бүгүн 15-апрель күнү мектептин короосуна 12 ийне жалбырактуу бактар отургузулду. Иш-чара боюнча мектептин директордун чарба иштери боюнча орун басары Мыктыбек Астраханов кийинки маалымат берди:
«Бүгүн биздин мектепте жакшы саамалык болуп жатат. Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын негизинде Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Курбанбек Камчиевдин колдоосу менен 12 чоң ийне жалбырактуу бактар берилди.
Бактарды отургузууга даярдык
Бактарды көчүрүү учуру
Отургузуу иштерин бүгүн буюрса бүтүрүп алдык, мектептин алды көрктүү болуп калды. Дагы айтып кетчү нерсе бул Кочкор айылынын айыл өкмөтүнө чоң ыраазычылык билдиребиз, колдоо жана жардам бергенине.
Жашылдандыруу иш чарадан бир көрүнүш
Буюрса, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептин жашылдандыруу иш- чаралардын башталышы десем болот, алдыда көп пландарыбыз бар»,- деп сөзүн аяктады.
Сюита Түмөнбаева