15-апрелде Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүндө 1 гектарга жакын муниципалдык жер аянтына 2320 түп карагаттын көчөттөрү отургузулуп, ага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев катышты.
Облус башчы Сабыркул Ашимбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү карагат отургузууда
Баетов айылындагы карагат отургузулган аянт
«Эгерде эл карагатты, чычырканакты көбүрөөк айдаса муздаткыч алып келип коюп берип жана сатып өткөрүүгө көмөк көрсөтөм. Ошондой эле тигилген көчөттөрдү көздүн карегиндей сактап, жакшы натыйжа бергидей эмгек жумшоо керек»,- деди.
Мындан сырткары, жазгы-талаа иштеринен кабар алып, жайытка өтүп кеткен жерлерди айдоо аянттарына айлантып, жаңы жерлерди өздөштүрүү зарылдыгын, ар бир айыл өкмөт жок дегенде 1 гектардан аянтка чычырканак, карагат айдап, жетекчилер эркин көрсөтүүсү керектигин белгиледи.
Быйыл Ак-Талаа районунда 100 гектарга сафлор айдалып, 2,2 гектарга карагат отургузуу пландалган. Ал эми чычырканак күз менен тигилет.
Барчын Мамытбекова