Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна карата өткөрүлгөн интеллектуалдык таймаш жыйынтыкталды. Таймашка Кочкор районунун 29 мектептен 29 команда түзүлүп, ага 9-10-11- класстардын окучуулары катыша алышты.
Команданын талкуулоо учуру
Интеллектуалдык таймаш боюнча Бишкек шаарынан келген таймаштын алып баруучусу Эрлан Алтыбаев маалымат берип кетти: » Бүгүн Кочкор районунун окучуулары арасында интеллектуалдык таймаш өткөрдүк. Негизги максатыбыз окучуулардын тез ой жүгүртүүсүн өрчүтүүгө,бири- бири менен ынтымак,достук, биримдик мамилелерди чыңдоо жана таймаш аркылуу окучуулардын билимин балоо болчу.29 команда бүгүн кызыктуу оюн көрсөтүп, жогорку билимин тастыктай алышты. Биздин таймаштын дагы бир максаты ар бир райондон мыкты команданы тандап алуу жана облустук деңгээлге чыгаруу.
Интеллектуалдык таймаштын алып баруучусу Эрлан Алтыбаев
Бүгүнкү таймашты өткөрүүгө жана колдоо көрсөткөнүнө Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык тармагынын орун басары Чынара Табылдиевага, Кочкор райондук билим берүүнүн башчысы Турсунбек Бактыгуловго жана билим берүүнүн кызматкерлерине чоң ыраазычылык билдиргибиз келет.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Чынара Табылдиева
Жыйынтыгында биринчи орунду С.Исмаилов атындагы орто мектебинин «Ак шумкар», экинчи орунга А.Жалпетеков атындагы орто мектебинин «Жаңы муун», үчүнчү орунду Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин «Ийгилик» командалары ээ болушуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын баалуу белектери менен сыйланышты.
Командаларды сыйлоо учуру
Максатбек кызы Азиза