21-апрель күнү Кочкор районунун 1-6-класстардын окуучуларынын арасында изилдөө долбоору боюнча «Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!» аттуу сынак өттү. Сынакка Кочкор районунун 15 мектебинин окуучулары катышып, өздөрүнүн изилдөө иштерин презентация кылышты.
Сынактын катышуучуларынын презентация учуру
Сынак 23-апрель-Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата өткөрүлдү.Эң негизги сынактын максаты окуучулардын окуу, маалыматтык изилдөө компетенцияларын жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүү болуп эсептелди.
Сынакта 1-2- класстар «Мен жана менин дүйнөм», 3-4- класстар үчүн «Кыргызстан элдеринин маданияты», 6-7- класстар «Жер шарынын биологиялык ар түрдүүлүгү» деген темалар боюнча изилдөө иштерин тартуулашты.
Жыйынтыгында 3-топ Нарын шаарында өтүүлүчү облустук турга катышууга жолдомо алышты.
Нурия Карымбаева