ГЭФ ПРООНдун долбоору менен “Мирбек Нур” коомдук уюмунун жетекчиси Алмазбек Раевдин демилгеси менен, Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы, бадалдуу токойдун жээгине бак-дарактар отургузулду.
Демилгечилер.
Долбоордун аты «Кочкор жергесиндеги жайылма токойлорду сактоо менен жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү»!
Атайы бөлүнгөн жер тилкесине жалпысынан малина-300 даана, карагат-300 даана, тикенеги жок чычырканак -300 даана отургузулду.
Иш жүрүп жаткан учур.
Жаш жардамчылар менен.
Көчөт отургузуу учурунан бир элес.
Долбордун максаты, жергиликтүү жамааттын колдоосу менен бадалдуу токойду сактап калуу жана экологияга салым кошуп, келечектеги муундарга үлгү көрсөтүп, жаратылышты коргоо.
Жашылдандыруу соңунда
Төлөн Токтосунова