Өткөт кароо-сынактын башкы демөөрчүсү Нарын обласынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Ишенбек Иманалиев жана М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин сүрөт бөлүмүнүн мугалими болду.
М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин мугалимдер жамааты
Кочкор райондук М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинде «Көркөм сүрөт өнөрү» аттуу кароо- сынак болуп өттү.
Сынакка 12-16 жашка чейин окуучулар катыша алышты. Живопись, графика, скульптура жанрлары боюнча.
Кароо- сынак учуру
Сынакта 1,2,3 орундарды ээлеген жүңүүчүлөр Ардак грамота менен сыйланышты. Андан тышкары, орун албай калган катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлоо учуру
Жыйынтыгында, 1-орунду Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын окуучусу Алия Темирбекова ээледи.
2-орунда Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Бакыт кызы Медина.
3-орунду Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин окуучусу Ханзат Советбеков жана Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын окуучусу Алиман Орозобекова бөлүшүп алышты.
Кароо -сынактан бир көз ирмем
Сүрөттөр Бермет Абдырахманованын өздүк архивинен алынган.