Жазда малчылар, бадачылар алгач жаздоого андан соң, алыскы жайлоолорго көчө баштайт. Буга байланыштуу райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору Баетов айылынын жайыт комитети менен биргеликте малчылардын алыскы жайлоолорго көчүүлөрүнө даярдыктар жана ден-соолуктарына кам көрүү максатында текшерүүдөн өткөрүлдү.
Бадачылар эмдөөдөн өтүүдө
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун иммунолог-дарыгери Тахмина Искакованын маалыматына караганда малчылар чума илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү.
Тахмина Искакова райондук жалпы дарыгерлер борборунун иммунологу
«Жыл сайын малчыларды, бадачыларды эмдөөдөн өткөрөбүз. Вакцина санитардык эпидемиологиялык борборунан берилет. 24 үй-бүлөдөн эки жаштан 60 жашка чейин 34 адамга эмдөө жасалды. Чума кандай учур болбосун чыга берген илдет болгондуктан алдын алуу керек. Мындан сырткары, чума суур өңдүү жаныбарлардан дагы жугат»,- дейт.
Малчылар жана бадачылар мажбурлоо менен эмделбейт. Бирок түшүндүрүү иштеринен кийин алар көпчүлүгү эмдөөдөн өтүшөт. Эмдөөнү иммунолог Тахмина Искакова жана терапевт Ибарат Жээнбек кызы жүргүздү.
Барчын Мамытбекова