Учурда арыктоонун эң оңой жолу катары ар түрдүү биологиялык активдүү кошулмалары бар дарыларды ичүүнү сунуштагандар көп. Алардын баары убактылуу гана эффект берерин дарыгерлер айтып келишүүдө.
Алгач ал дарылардын курамы, берген таасири тууралуу билип алсак. Арыктоого арналган дарылар чыгарылган өлкөсүнө, формасына жана фирмасына карабай 5 түргө бөлүнөт:
Үй- бүлөлүк дарыгер Эльвира Жылдызбекова азыркы мезгилдеги арыктоо үчүн сунушталып жаткан бардык дарылардын курамында жогорудагы бир эле эмес бир нече группадагы кошулмалар бар болот дейт. Алар бардык органдарга, эң эле коркунучтуусу нерв, кан-тамыр, ички органдар жана без системаларына зыянын тийгизет. Алардын иштешинин бузулушу эң эле кооптусу өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Бул дарылардын бардыгы убактылуу гана эффект бергендиктен, кийин адам ичпей калганда кайрадан толуп баштайт. Бир аз убакыт ичип, арыктаган соң ошол калыбымда калам деп ойлогон жаңылыштык. Көп убакыт ичкенге дагы болбойт. Анткени организм көнүп калып, кайрадан ал дарыларды талап кыла берип көз каранды кылып коет.
Ден соолука зыянын тийгизбей тескерисинче пайдалуу арыктоонун жолдору:
• Эң алгач туура тамактануу керек. Күнүмдүк жеп жаткан зыяндуу тамак-ашты жашылча-жемиштерге, кайнатылган тамактарга алмаштырып жана муну адат кылуу керек. Куурулган заттардан, таттуулардан жана газдалган суусундуктардан алыс болуп, сууну көп ичүү керек. Туура азык-түлүктөн да туура убакытта тамактануу абдан маанилүү. Диетологдор бир күндө көп жолу аз-аздан, интервалдар менен тамактанууга чакырат.
• Анан албетте спорт. Машыгуу залында, ошондой эле үй шартында да спорт менен эффективдүү машыкса болот. Үйдө спортко арналган ар түрдүү тиркемелер жана ютуб жардамга келет.
• Арыктаганга ошондой эле туура уйку режими, жакшы ачык ойлор да таасир этет.
• Андан сырткары тамак-ашты батыраак сиңирип зат алмашуусун күчөткөн витаминдерди дарыгердин көзөмөлүндө ичсе болот. Алар көбүнчө В группасынын витаминдери.
• Диетолог-дарыгер менен бирге иштешүү да жакшы жыйынтык берет.
Зыйнат Самар кызы