Жогорку окуу жайга тапшырууда абитуриенттерде жана алардын ата-энелеринде бир катар суроолор жаралат. Окуу жайга тапшырууда жеңилдиктерди кимдер алат, кандай документтер керек ж.б Алдыда ЖОЖго тапшыруу үчүн эң актуалдуу 10 суроого жоопту окуңуз.
1. ЖОЖдорго тапшырууга сынакка кимдер катыша алат?
ЖОЖдорго сынакка негизги тест боюнча белгиленген босого баллдан жогору алган абитуриенттер катыша алышат. Тиешелүү предметтик тесттердин жыйынтыктары боюнча босого баллдан жогору балл алган абитуриенттер негизги жана кошумча предметтик тесттердин баллынын суммасы боюнча сынакка катышышат жана кабыл алууга артыкчылыктуу укукту колдонушат. Өзгөчөлүк медициналык адистиктери үчүн негизги тест (босого баллдан жогору) жана химия, биология боюнча предметтик тесттер (ар бир предмет боюнча босого баллдан жогору) милдеттүү болуп саналат.
2. ЖОЖдорго гранттык негизде окууга кабыл алууда жеңилдиктерге кимдер ээ?
ЖОЖдорго гранттык орундардын өзүнчө квоталарынын алкагында гранттык негизде окууга абитуриенттердин төмөнкү категориялары кабыл алынат:
- I, II топтогу майыптар, бала кезинен майыптар, майып-балдар;
- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары;
- кайрылман статусуна ээ болгон адамдар.
Сынак учурдагы жылдын жалпы республикалык тестирлөөсүнүн жыйынтыктары боюнча өткөрүлөт. Сынакка министрлик тарабынан белгиленген босого баллга барабар же андан жогору балл алган абитуриенттер катышат. ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына документтерди берүүдө жеңилдикке ээ болууга талапкер абитуриент тастыктоочу документтерин бериши керек.
Гранттык негизде окууга сынактан тышкары:
• учурдагы жылдын эл аралык жана республикалык олимпиадаларында жеңүүчү жана байгеге ээ болгондор (олимпиаданын предмети профилдик болуп саналган адистиктер боюнча)
• ошондой эле учурдагы жылдын «XXI кылымдын интеллектуалдары» республикалык сынактын жеңүүчүлөрү жана байгеге ээ болгондор, алардын жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу шартында, сынактын номинациясы техникалык профилдеги адистиктерге жана даярдоо багыттарына дал келиши керек.
3. ЖОЖдорго контракттык негизде окууга кабыл алууда жеңилдиктерди кимдер колдоно алат?
Оң баага ылайык балл болгон учурда сынактан тышкары контракттык орундарга төмөнкүлөр кабыл алынат:
- тоголок жетим балдар,ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (учурдагы жылдын 1-октябрына карата 18 жашка чыккан);
- медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча тандап алган даярдоо багыты жана адистик боюнча ЖОЖдо билим алууга тыюу салынбаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
- эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү (учурдагы жылы 1-3-орундарды ээлеген) олимпиаданын предмети профилдик болуп саналган.
4. ЖОЖго кабыл алууда артыкчылыктуу укуктарды кимдер колдонот?
- «КРдин спорт чебери» же «КРдин эл аралык класстагы спорт чебери» спорттук наамга ээ болгон абитуриенттер;
- мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн абитуриенттер;
- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө “Кыргызтест” системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сертификатына ээ болгон абитуриенттер.
5. ЖОЖго тапшыруу үчүн кандай документтер керек?
ЖОЖго тапшыруу үчүн төмөнкү документтер керек:
— паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
— аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом;
— ЖРТнын сертификаты
6. ЖРТнын сертификаты канча жыл жарактуу?
ЖРТнын сертификаты ушул жылга гана жарактуу.
Өзгөчөлүк: мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриенттин ЖРТ сертификаты 3 жыл бою жарактуу, башкача айтканда, быйылкы жылы абитуриенттердин аталган категориясы сынакка катышуу үчүн 2018, 2019-жылдын сертификатын колдоно алат.
7. Кайсы ЖОЖдорго ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү эмес?
- Кыргыз улуттук консерваториясынын,
- КР Улуттук көркөм-сүрөт академиясынын,
- Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин,
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынынын адистиктерине кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү эмес, сынак ЖОЖдордун өздөрүнүн кирүүчү сынактарынын жыйынтыктары боюнча өткөрүлөт.
Мындан тышкары, “Көркөм билим берүү”, “Көркөм сүрөт искусствосу” жана “Дене тарбия” багыттарына тапшыруу үчүн ЖРТнын жыйынтыктары милдеттүү эмес.
8. ЖОЖдо окууну каалоону тастыктоо үчүн кандай документтерди бериш керек?
Тастыктоо үчүн Сиз «Абитуриент Online» системасына электрондук түрдө төмөндөгү документтерди тиркешиңиз керек:
- паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом;
- ЖРТнын сертификатынын алдыңкы бети.
9. Сынакты өткөрүү процедурасы бузулган учурда кантип арыз берүү керек?
Кабыл алуу процедурасы бузулган учурда Сиз «Абитуриент Online» системасындагы жеке кабинетиңиз аркылуу арыз бере аласыз. Анда төмөндөгү аракеттерди аткарууңуз керек:
- Кошумча функцияларды тандаңыз;
- КР ББжИМине билдирме формасын толтуруңуз.
10. Ар бир турда мен канча ЖОЖду жана адистикти тандай алам?
Сынактын ар бир турунда гранттык же контракттык негизде окууга сынакка катышуу үчүн бирден гана өтүнмө бере аласыз. Өтүнмөлөрдү бир ЖОЖго же эки башка ЖОЖго тапшырууга болот.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ЖОЖго кабыл алуунун I,II туру жыйынтыкталды. Алдыда, акыркы тур калды. Ал 3-5-август күндөрү өтөт. Ага катышуу үчүн абитуриенттер 5-август, саат 14:00гө чейин өтүнмөлөрдү тапшырып бүтүшү шарт.