7-майда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде Жеңиштин 77 жылдыгына карата согуш ардагери Сардарбек Токтоматовду эcкерүү иш-чарасы болуп өттү.
Сардарбек Токтоматов согуштан келбей калган каарман. Ал 1922-жылы туулган. Согушка чейин Кара-Суу айылындагы мектепте орус тили мугалими болуп иштеген. 1941-жылы согушка аттанып, 1944-жылга чейин туугандарына кат жазып турган. Андан кийин байланыш үзүлгөн. Тилекке каршы Сардарбек атанын артында бала калган эмес.
Болот Бообек уулу- мектеп директору, тарых изилдөөчү
Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин директору, тарых мугалими- Болот Бообек уулу анын өмүр таржымалын изилдеп, согуштан жазган каттарын чогултуп, мектептин тарыхый-этнографиялык музейине бурч ачкан. Ал Сардарбек Токтоматов жөнүндө мындай маалыматтарды берди:
«Бул адам жөнүндө изилдеп жүргөнүмө он жыл болду. Сардарбек Токтоматов өтө билимдүү , Манас тануучу болгон. Ал белгилүү манасчы Шапак Рысмендеевдин оозунан «Манасты» жазып баштаган, бирок тилекке каршы согуш башталып бул иштин аягына чыккан эмес. Андан тышкары согушта командирлик милдетти аткарган. Бир канча сыйлыктарды алган. Мектептин музейине чакан бурч ачып, бул адам тууралуу маалыматтарды чогулттук. Окуучуларды Мекенди сүйүүгө тарбиялоодо, тарыхты окуутууда ал бурчтун мааниси абдан чоң . Токтоматовдордун үй-бүлөсү демөөрчүлүк кылып, Сардарбек Токтоматовду, дегеле согуш ардагерлерин эскерип мектепте маданий иш-чара өткөрдүк. Бул иш-чара дагы улантылат, айылдагы дагы башка каармандарды издеп маалымат топтойбуз».
Алтынай Токтоматова
Ал эми Сардарбек Токтоматовдун бир тууганынын кызы Алтынай Токтоматова буларга токтолду:
«Учурдан пайдаланып мектеп директоруна, мугалимдер жамаатына, Токтоматовдордун урпактарынын атынан ыраазычылык билдиребиз. Себеби бүгүн атабызды эскерип, мектепте иш-чара өттү, андан тышкары музейге атабыздын бурчу уюштурулуптур. Ал жерде сыйлыктары тууралуу маалымат жана каттары сакталган. Жалпысынан 25ке жакын каты сакталуу. Катта кайсы жерде согушуп жатканы, согуштагы абал, ошол жактагы кырдаал, аба-ырайы жөнүндө кабар жазып, ата-энесинин, бир туугандарынын, жубайы Назыйкаттын амандыгын сурап турган. Ал абдан билимдүү болгон, согушка чейин айылдык мектепте орус тили мугалими болуп эмгектенген экен. Балким атабыз сабатсыз болгондо дайыны билинбей калмак, дайын-дареги табылганына биз абдан кубанычтабыз! Урпактарынын алдында дагы чоң милдеттер жатат. Мындан ары кайсы жерде жерге берилгени тууралуу иликтөө иштерин улантабыз. Өзүм тилчи, окумуштуу катары дагы изилдөө жүргүзүү пландарым бар. Атабыз алгачкылардан болуп Шапак Рысмендеевден «Манас» эпосун жазып алган адам, алгачкы агартуучулардан. Жазылып алынган «Манас» эпосун Кыргыз улуттук илимдер академиясынан дагы издеп, изилдөө кылайын деп жатам».
Мектеп музейине чакан бурч уюштурулуп, согуштан жазылган каттардын түп нускасы сакталган
Сардарбек Токтоматовдун согуштан жазган каттары окулду
Иш-чарага сыйлуу коноктор чакырылды
Кече чакан концерт менен коштолду
Сардарбек Токтоматовдун урпактары
Айжаркын Эркинбек кызы