Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын 43 жаштагы тургуну Алтынбек Жусупбеков элет жеринде мал чарбачылыгы менен бирге эле беш жылдан бери жеңил салмактагы заманбап ээрлерди жасап, чакан ишкерлик менен алектенет. Мындан сырткары, айылдаштырынын мал-жандыктарын дарылайт.
Алтынбек Жусупбеков буйрутма менен ээр чабат
Каарманыбыздын айтканына караганда ат үстүнө жеңил, ыңгайлуу ээрлерди жасап жүргөнүнө беш жыл болду.
«Он жылдан бери элдин эски ээрлерин оңдоп, түздөп, булгаары каптап берип жүрөм. Ал эми ээрдин өзүн жасай баштаганыма беш жыл болду. Ат үстүнө ыңгайлуу, жеңил болуусу үчүн жыгач, желим, темир материалдары жана уйдун териси менен жасап жүрөм. Алгач, уйдун терисин сатып алып, аны ашатып, ийлеп алам. Андан соң, ээрди жасап, ага ийленип даяр болгон уйдун терисин жаап, каптап чыгам. Базардан булгаары деле сатып албайм. Бир уйдун териси үч ээр жасаганга жетет.
Ээрди буйрутма менен жасайм. Буйрутма берген адамдын талабына, каалоосуна жараша жасап берем. Бир ээрди башка жумуш менен алектенбесем, анда бир жумада жасап бүтөм. Баасы сүйлөшүү жолу менен бааланат», — деди ал.
Алтынбек Жусупбеков чапкан ээрлер жеңил жана заманбап
Мындан тышкары, атайын ветеринардык билими болбосо дагы, элдин малын дарылап келүүдө.
«Өзүм бир топ жыл жайлоодо өзүмдүн, элдин малын бактым. Мал ооруйт, буту сынат, тууй албай кыйналат жана башка болот. Өзүм аракет кылып, буту сынган малдын бутуна шак-шак коюп таңып, айтор мал дарылаганды практика жүзүндө эле үйрөнүп алдым. Учурда, кайрылган жердештеримдин буту сынган майда жандык болобу, жылкы, уй болобу сынган бутуна шак-шак коюп, таңып, айыктырып берип жүрөм. Ветеринар боюнча эч кандай деле билим алган эмесмин», — деди ал.
Барчын Мамытбекова