Ак-Талаа районундагы балдар билим борборунун ийрим жетекчилери ыктыярчылык негизде Баетов айылындагы «Азык» социалдык борбору менен тыгыз байланышта иш алып барышат.
Борбордун информатика ийриминин жетекчиси Айзат Орозакунова жакында Кыргызпатенттин «Келечек жаратманы» сынагына ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен бирдикте «Менин келечектеги борборум» интеллектуалдык олимпиадага катышып кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду. Сынакка Мухамбет Бусурманкулов, Ахмед Мейманбеков, Улукмырза Кубатбеков катышкан.
Жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификат, кийим ж.б берилди
БББнун директору Айнура Баязова (оңдон төртүнчү) ийрим жетекчиси Айзат Орозакунова (солдо биринчи) жана борбордун кызматкерлери
Олимпиаданын негизги максаты окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн жана билимин арттыруу, жаратмандык жана изилдөөчүлүк жигердүүлүгүн колдоо жана аймактардагы таланттуу окуучуларды издөө болуп эсептелет.
Ийрим жетекчи Айзат Орозакунованын айтканына караганда борбордогу балдардын ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө, өз алдынчалуулукка үйрөтүүгө жана балдардын мүмкүнчүлүгүнө жараша ар кандай нерселерди жасоону, сүрөт тартууну үйрөтүшөт.
Балдар билим борборунун директору Айнура Баязова балдар менен
Социалдык борборго жылыткыч жана китептер берилди
Ал эми балдар билим борборунун директору Айнура Баязова: «Кыргызпатент тарабынан окуучуларга жана социалдык борборго берилген белектерди тапшырып келдик. Ошондой эле диплом, сертификат, кийим жана ар бир балага термос белекке берилди. «Азык» социалдык борборго электрофорфор жылыткыч жана китептер берилди»,- деди.
Барчын Мамытбекова