Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Энелер күнүнө арналган “Баарынан эне күчтүү, Энелер — өмүр булагы, үйдүн куту” деп аталган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Аны райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук аялдар кеңеши менен биргеликте биргеликте уюштурулду.
Кенже Карагулова-акимдин орун басары(солдо биринчи), Букен Турдубекова райондук аялдар кеңешинин төрайымы, Чатыркүл Дөнөмбаева (ондо биринчи) Баетов айылдык аялдар кеңешинин төрайымы
Ардагер апалар майрамдык чай үстүндө
Ишкер айымдар
Салтанатка райондун аймагындагы айымдар чакырылган
Салтанаттуу иш-чарага баардык айыл аймактардан чакырылган ар тармакта эмгек кылган ардагер апалар, баатыр энелер, «Шайыр апалар» топтору, иштеги жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлык ээлери, ишкер айымдар катышты.
Ак-Талаа райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу бул иш-чара акыркы жылдары уюштурулбай келгенин айтты.
Сыйлык тапшыруу учуру
Иш-чаранын жүрүшүндө айрым энелерге Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» наамы, Кыргызстан Аялдар Конгресинин, Нарын облустук Теңир Тоо айымдар коомдук бирикмесинин, Кыргызстан аялдар коомдук бирикмесинин, Ак-Талаа райондук аялдар кеңешинин сыйлыктары тапшырылып, белектер берилди.
Сыйлык тапшырылууда
Майрамдык салтанат райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин, мектеп окуучуларынын чакан концерти менен коштолду.
Энелерди майрамы менен мектеп окуучулары куттукташты
Барчын Мамытбекова