Кочкор билим берүү Спорттук Коргонуу Уюму жана Аскер комиссариаты тарабынан уюштурулган “Аскердик колдонмолор жана Спорттун түрлөрү” боюнча Кочкор районунда мектептер арасында мелдеш өттү.
Мелдештин ачылышы.
Мелдешти Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейдин студенттери “Шумкар” аскердик клубунун мүчөлөрү инструктор жана калыстар тобу болуп алып барышты.
«Шумкар» аскердик патриоттук клубунун мүчөлөрү.
«Шумкар» аскердик патриоттук клубунун мүчөлөрү, саптык даярдык боюнча көнүгүүлөрдү көрсөтүү учуру.
Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалим Эсен Султанов.
Эсен Султанов:
“Мелдеш Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 30 жылдык мааракесинин урматына жана жаш өспүрүм улан -кыздардын патриоттуулук сезимдерин ойготуу максатында уюштурулду. Себеби азыркы учурда аскердик кызматты өтөөдөн, көпчүлүк жаш өспүрүмдөр баш тартууда. Ошол себептен биздин Куралдуу күчтөрдү даңазалоо максатында уюштурдук.”
Курал менен көнүгүлөрдү көрсөтүү.
Пневматикалык куралдан ок атууну көрсөтүү.
АК-74 Автоматын чачып кайра жыйноо учуру.
Саптык даярдык боюнча көнүгүлөрдү жасоо.
Курал менен көнүгүлөрдү жасоо учуру.
Пневматикалык куралдан ок атуу учуру.
С.Исмаилова атындагы орто мектебинин окуучулары 1- орунду камсыздашты.
А. Бостонов атындагы орто мектебинин окуучулары 2- орунга ээ болушту.
Т. Темирова атындагы орто мектебинин окуучулары 3-орунга ээ болушту.
Мелдештин 1-2-3 -орундарын камсыз кылган окуучулар Кочкор Билим берүү Спорттук Техникалык Коргоону Уюмунун тарабынан грамота, дипломдор менен сыйланышты.
Кочкор районун айылдарынан келген окуучулар аябай кызыгуу менен ыраазы болуп кетишти. Жетектеп келген мугалимдер, мындан аары даагы ушул сыяктуу иш-чараларды көп-көптөн уюштурууга бел байлашты.
Төлөн Токтосунова, Медина Турдубекова