Кочкор районун Чолпон айылынын маданият үйүндө Кызсайкал Кабылованын жеке концерти болуп өттү. Концертте агасы Бекзат Кабылов жана алып баруучусу куудул Кенжебек Белеков да келишти.
Кызсайкал Кабылова
Ырчы Кызсайкал Кабылова:
«Алгач, Чолпон айылына келүү планда деле жок болчу. Бирок биздин алып баруучубуз Кенжебек байке Кочкор районунун кулуну болот экен. Мага Чолпон айылына келип концерт коюуну сунуштады. Анын сунушун чекке какпай, элдин маанайын көтөрүү максатында келип концерт койдум. Негизи ар бир жерден сени колдой турган адамдар болот эмеспи. Күйөрмандардын мени колдогону купулума толду. 10 күндөн бери гастрольдо жүрүп, бул акыркы концерт болду. 10 күндөй Жумгал районун, чоң-чоң жерлерди кыдырдык. Бардыгы жакшы болду».
Кызсайкалдын күйөрманы Тандабике Жумадилова
«Мен, Жумадилова Тандабийке 6-класстын окуучусумун. Кызсайкал Кабылованын күйөрманы болом. Мага анын ырдаганы, журум-туруму абдан жагат. Аны соц тармактардан да көрүп турам. Бүгүнкү концерт купулума толду жана жогорку деңгээлде болуп өттү. Дагы да Кызсайкал Кабылованын иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайм».
Кенжебек Белеков
Концерттен көрүнүш
Күйөрмандардын сүйүнүчү чексиз
Кызсайкалдын агасы Бекзат Кабылов
Кусейин Марат уулу, Айчүрөк Сапаркулова, Акылай Болотбекова