Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын жашоочусу Гүлжан Касмалиева 30 жылга жакын убакыттан бери туристтерди тосуп келет. Анын негизги киреше булагы туризмден түшөт. Мындан сырткары ал кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын келген туристтер жакшы баада сатып алышат.
Ишкер айым кийизден сапаттуу буюмдарды да жасайт
Пандемиядан кийин Кыргызстанга келген туристтердин саны кайрадан көбөйдү. Алардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнөн келишет. Чет элдик туристтердин келиши өлкөбүздүн экономикасына бир топ салымын кошот.
Бүгүнкү келген туристтер да Франциядан келишти
Алар кыргыздын элдик ырларын сүйүп угушат
Жүндөн жасалган, экологиялык таза буюмдар туристтер үчүн жасалат
Илимбек Рысбеков, Акжолина Асаналиева